Акыйкатчы институту: Алдын ала маалыматтар боюнча Таразда эки кыргыз жараны кармалып турат

Казакстандагы башаламандыктар. Сүрөт: Алмас Кайсар / Vlast.kz

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы Казакстандын Тараз шаарында эки кыргызстандык кармалып турганы боюнча маалымат бар экенин билдирди. Алар Талгат Темиркан уулу жана Руслан Иманкулов аттуу жарандар экени айтылды.

Алдын ала маалымат боюнча, Темиркан уулу январь окуялары боюнча, ал эми Иманкулов чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен кармалган.

Мындан улам Акыйкатчы институнун жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү 10-февралда Тараз шарында Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен жолукмай болгон.

Аталган делегация 9-февралда Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолугушкан. Анда Ауганбаев Алматыда кармалган кыргызстандыктар жок экенин, Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун окуялары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айткан.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына тиешелүү укуктук маселелерди чечүүдө «зарыл колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин» билдирген.

Буга чейин эки Кыргызстандык — музыкант Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков — Алматыда күч органдары тарабынан кармалып, сабалганы белгилүү болгон. Алар Кыргызстанга кайтарылып, ооруканага жаткырылышкан.

Жалпысынан Казакстандын Алматы шаарында массалык нааразылыктарга катышты деген шек менен алты кыргызстандык кармалган — алардын баары бошотулган. Ошондой эле, коңшу өлкөдөгү нааразылыктар учурунда эки кыргыз жараны кайтыш болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктардын кармалып сабалышы боюнча Казак бийлигине нота тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков травматология борборуна жаткырылды

«Эки буту, кабыргасы сынган». Алматыда кармалган Чолпонбек Сыдыков табылды

Кыргыз жаранынын Алматыда сабалышы: ТИМ казак элчисине нота тапшырды