«Кеңсеңерди өрттөп кетем». Ошто «Т-Медиа» редакциясына белгисиз киши телефон чалып коркутту

Ош шаарындагы «Т-Медиа» редакциясына 19-февралда белгисиз киши телефон чалып коркутту. Маалыматты басылманын редактору Айдай Беделбек кызы «Клоопко» тастыктады.

Анын айтымында, белгисиз киши түшкү саат 15:00 чамасында редакциянын кызматтык телефонуна чалган. Ага «Т-Медианын» СММ адиси жооп берген.

Киши алгач редакцияда мурда иштеп кеткен кызматкерлердин жана азыркы жетекчинин аты-жөнүн сураган. СММ адиси анын аты-жөнүн жана эмне үчүн бул маалыматты сурап жатканына кызыкканда ал коркутууга өткөн.

«Ал “мен силерди билем, силер жакшы телеканал эмессинер, силердин кызматкерлериңерди да билем. Мен силердин кеңсеңерди өрттөп кетем” деп телефонду өчүрүп койгон. Ал ким эмне үчүн коркутуп жатканын билбейбиз», — дейт Беделбек кызы.

Редакция учурда бул факты боюнча шаардык милицияга арыз жазды. Ошондой эле медиа юристтер менен байланышып иш алып барып жатат.

Ал эми Ош ШИИБден аталган факты катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Мындан бир жыл мурда редакциянын кеңсесине 20дай киши чогулуп, бастырып кирүүгө аракет жасашкан. Алар Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн тургундары болгону айтылган.

Чогулгандар журналисттерди туура эмес маалымат таратууга айыптап, жер сатуу боюнча жасалган иликтөөнү чыгарбоону талап кылышкан.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Ажибай Пайзидин уулу иликтөө чыгардан мурда жергиликтүү кеңештин депутаты тарабынан да басым, коркутуулар болгонун белгилеп, Ош ШИИБге арыз жазган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча милиция маалымат бере элек.

Иликтөөдө журналисттер Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө 30 гектардан ашык айыл чарба багытында гана колдонулуучу жерлер турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылганын аныкташкан.

Жергиликтүү тургундар журналисттерге алардын жерлери уруксатсыз сатылып кеткенин, ал эми айыл өкмөт буга чара көрбөгөнүн айтып даттанышкан.

2021-жылдын октябрында УКМК аталган фактылар боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчисин, мекеменин дагы бир кызматкерин, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосиловду, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратовду, алардын шеригин жана мекеменин Кара-Көл шаары боюнча филиалынын убактылуу башчысын кармаган.

Редактору: Айбике Адилет кызы

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

«Иликтөөнү чыгарбагыла». Ошто ТMG телеканалынын журналистине коркутуу болду