Жалал-Абадда жасалма ПЧР-тест даярдап саткан туруктуу канал аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) коронавируска карата тапшырылган ПЧР-тесттин терс натыйжасы тууралуу жасалма электрондук сертификат даярдап саткан туруктуу каналды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.

Колго түшкөн шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Medicana Plus диагностикалык лабораториясы авикассадагы адамдар менен ич ара сүйлөшүп, чет өлкөдө жүргөн жарандарга QR-коддору менен ПЦР-анализдин терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды сатып жүрүшкөн.

«Авикассалар ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы керек болгон адамдардын паспортторун WhatsАpp аркылуу Medicana Plus диагностикалык борборунун А.М. атуу кызматкерине жөнөтүп турган. ПЦР-тесттинин бланкасы 1 100 сомдон 1 600 сомго чейин бааланган», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Андан тышкары, УКМК ушундай эле факты Базар-Коргон шаарында да аныкталганын кошумчалады. Medicana Plus’тун жергиликтүү филиалында иштеген З.С. аттуу медайым ПЧР-тест алып, Finca Elsom төлөм системасынын терминалынан компаниянын башкы кеңсесине акча которуп турган.

УКМК бул факты боюнча «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. Коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

ИИМ өткөн жылдын сентябрь айында Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунда жана Талас облусунда коронавируска терс натыйжалуу жасалма ПЧР-тест сатуу фактысын аныктаган. ИИМден жасалма тесттин жыйынтыгы 2000 сомдон сатылганын билдиришкен.

«Али Токтакунов МедиаХабы» журналист Мээрим Сырдыбаева менен бирге Бишкек жана Талас аймагындагы ПЧР-тесттерди жасалмалап саткан базар тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин укук коргоо органдары жасалма ПЧР-тест саткандардын бетин ачуу боюнча активдүү иликтөө иштерин баштаган.

Журналисттер бир нече чек ара өткөрмө пункттарында COVID-19га карата терс натыйжалуу жасалма ПЧР-тесттер мыйзамсыз сатылып жатканын аныкташкан.

ПЧР-тест кызматы дагы деле популярдуу бойдон калууда. Анткени чек арадан өтүп жатканда вакцина алган жарандардан дагы коронавируска терс натыйжалуу тест талап кылынат.

Журналисттердин иликтөөсүнө минкаб дагы реакция кылган. 2021-жылы 25-августта министрлер кабинетинин төрагасынын ошол кездеги орун басары Жылдыз Бакашова жыйын өткөрүп, ИИМге журналисттер айтып чыккан жасалма маалымкат даярдоо боюнча ишти тергөөнү тапшырган.

Ошондой эле, Бакашова саламаттык сактоо министрлигине мыйзам бузуу фактыларын изилдеп, жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамдарга ылайык кароону, ал эми Чек ара кызматына фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган болчу.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналисттер ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын саткандарды аныктады

Жасалма ПЧР-тест сатуу. ИИМ журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерет

Чүй жана Талас облусунда жасалма ПЧР-тест жасоого шектелгендер кармалды