Баткен: Айыл-чарба багытындагы 10 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Сүрөт: Башкы прокуратура

Баткен облустук прокуратурасы мамлекеттик жер тилкени мыйзамсыз бөлүп берген Баткен районундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Т.А» айыл чарба багытындагы 10 гектар жерди «Х.С» аттуу жаранга бөлүп берген. Жердин баасы 19 млн 200 миң сом деп бааланган.

«Ал эми аталган жаран жердин кыртышын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сомдук зыян келтирген», — деп берилет көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Баткен облустук прокуратурасы 2021-жылдын 19-майында кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдары зыяндын ордун толугу менен толтуруп беришкен. Ал эми иш сотко өткөн.

2021-жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосилов жана «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратов «коррупцияга» шектеп кармаган.

Атайын кызмат кармалгандар «жеке кызыкчылыктарын көздөп, узак мөөнөттө Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатканын» кабарлаган. Көп өтпөй күч органдары «Кадастрдын» дагы бир мурдагы жетекчисин жана кызматкерин кармашкан.

Атайын кызмат кылмыш ишин «Т-Медиа» басылмасынын Нариман айыл өкмөтүндөгү үлүш жерлер тууралуу журналисттик иликтөөсү чыккандан кийин козгогон. Анда тургундардын үлүш жерлери башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылып кеткени айтылган.