Президент чек арадагы куралдуу жаңжалда жарадар болгон аскерге батирдин ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров Мекенди коргоочулар күнүнө карата Баткендеги «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулуна Бишкек шаарындагы батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу 23-февралда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Жапаров чек арачы Султанбек уулунун ден соолугун сурап, жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычык билдирди.

«Өлкө башчысы Мирбек Султанбек уулу аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөткөнүн белгиледи», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Аны менен катар президент Жапаров Баткендеги куралдуу жаңжалда каза тапкан прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолукту.

Өлкө башчы Юлдашевдин аялына дагы бир жолу көңүл айтып, өзүнө жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Мекемеден Гүлхайо Кодировага материалдык жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалашты.

Мирбек Султанбек уулу 2020-жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда жарадар болгон — анын кыр аркасынын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген. Быйыл аскер «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Ал эми №2021 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айындагы Тажикстандын аскерий агрессиясында каза болгон. Анын артында жубайы жана үч баласы калган.

Юлдашев курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган. Ал эми өткөн жылдын июнь айында Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасында жайыт маселесинен улам жаңжал чыгып, ок атылды

«Мекен үчүн жанымды берем». «Бөрү» отрядынын жоокери Бекзод Юлдашевди жакындары эскерди

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик