Тенгиз Бөлтүрүк кызматынан алынганы менен «Кумтөр» ишканасын баары бир жетектейт

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын тышкы башкаруучусу кызматынан алынды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-февралда эле кол койгон.

Бирок ошол эле токтом менен Жапаров «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясын» дайындаган.

Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктүн «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин жетектей турганы 15-февралда белгилүү болгон.

Садыр Жапаров менен Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» кенинде. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

«Мурас» жана Бөлтүрүк

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөнү тууралуу 2021-жылдын 14-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров токтомго кол койгондо ачыкталган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасынын» негиздөөчүсү — Финансы министрлиги болуп эсептелет.

Министрлер кабинети улуттук холдинг президенттин кен казуу тармагын реформалоо боюнча жарлыгынын негизинде түзүлгөнүн түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.

Тенгиз Бөлтүрүк — Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү болгон.

Кыргызстан Кумтөр кенинде тышкы башкаруу 2021-жылдын майында киргизген. Ага чейин алтын кенин «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Centerra башкарып келген. Август айында Бөлтүрүк кенде тышкы башкаруу автоматтык түрдө узарып, башкаруу мөөнөтсүз боло баштаганын маалымдаган.

Бөлтүрүк 2020-жылы октябрда Кыргызстанга кайтканга чейин 20 жылдан ашык чет өлкөдө жашап, түрдүү кен казуучу компанияларда иштеген. Анын кош жарандыгы бар — Кыргызстандын жана Канаданын.