Жалал-Абадда кызды никеге тургузуу үчүн уурдаган эки киши 5 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаардык соту 20 жаштагы кызды никеге тургузуу максатында уурдаган эки кишини 5 жылдан эркинен ажыратты. Аталган өкүм 21-февралда кабыл алынды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, кылмыш Жалал-Абад шаарында 2021-жылдын 29-декабрь күнү кечинде жасалган. 27 жаштагы айыпталуучу «Т.А. уулу» өзүнүн 26 жаштагы досу «С.Р.С.» менен калаадагы «Айгүл» соода борборунун астында 20 жаштагы кызды уурдап кетишкен.

Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алышты. «Т.А. уулунун» айтымында, ал жабырлануучу кызды эки жыл мурун көрүп калып, Орусияда жүргөндө аны менен Инстаграм аркылуу сүйлөшүп жүргөн.

Ал эми окуя болгон күнү айыпталуучу кызга досу «С.Р.С.» айдаган ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаага отургузуп, үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган. Бирок айыпталуучулар кызды үйүнө жеткирбей, баланын Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылындагы үйүнө алып келишкен.

«[“Т.А. уулу”] жабырлануучуну үйүнө киргизгенде ал апасына “балаңар жакпайт” деген. Анда баланын апасы “кызды жеткирип койгула” деген. [Айыпталуучулар] жабырлануучуну кайра Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районуна үйүнүн жанына алып келип таштаган», — деп берилет Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүндө.

Кыз менен никеге турууну каалаган баланын досу сурак маалында Жалал-Абадга «бильярд ойногону келгенин» жана «ала качуу» тууралуу алдын ала сүйлөшүүлөр болбогонун айткан. Ошондой эле алар кызды уурдап баратканда ал «арыз жазам, жеткирип койгула» деп айтканын белгилеп, бирок анын талабын аткарбай коюшканын тастыкташкан.

Ал эми жабырлануучу кыз «Т.А. уулун» эки жыл мурда көргөнүн тастыктап, бирок аны менен Инстаграмдан сүйлөшпөгөнүн айткан. Кыздын айтымында, айыпталуучу ага Инстаграм аркылуу жазып, чалып жүргөн, бирок ал жооп берген эмес.

«Кызга жоолук салууга аракет кылышкан. Кыз аларга каршылык көрсөткөндө Темирландын апасы ачуусу менен кирип келип “бир жыл сүйлөшүп жүрүп эми эмне отурбай жатасың” деген. Анда жабырлануучу ага Темирлан менен сүйлөшпөгөнүн, ал жакпай турганын айтканда, апасы “жеткирип койгула” деген», — деп жазылат сот өкүмүндө.

Тергөө маалында соттук-медициналык экспертиза кыздын денесине «жеңил жараат» келтирилгенин аныктаган. Сот «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси боюнча айыпталуучунун экөөнү тең беш жылга эркинен ажыратты.

Сотко жетпеген кылмыш иши

Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

Апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.