Казакстанда чет өлкөлүк 18 жаран кармалып турат — алардын экөө кыргызстандык

Казакстандагы нааразычылык акциясы. Сүрөт: orda.kz

Январдын башында орун алган Казакстандагы башаламандыктарга байланыштуу чет өлкөлүк 18 жаран камакка алынды — алардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын акыйкатчысы Элвира Азимова 23-февралда билдирди.

Ошондой эле кармалгандардын арасында 14 өзбек жана эки орус жараны бар. Казакстанда кармалгандарга кандай айып тагылып жатканы тууралуу жана алар кайсы жерде кармалганы тууралуу маалымат ачыктала элек.

Казакстандын акыйкатчысы «полициянын ырайымсыздыгына кабылган» 80 киши арыз менен кайрылганын, анын жарымы «камактагы кыйноолорго» даттанганын кошумчалады. Ошондой эле Азимова тергөө маалында күч органдары «мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу фактысы боюнча» 191 кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«Жабыркагандар жана ур-токмокко алуулар боюнча маалымат 8-январдан кийин көбөйдү. Учурда камактагылардын 55и оор жарадар, 8нин ар кандай сыныктары, 212синде гематома бар экени аныкталды. Азыр дарыланууда. Алар кармалганда дароо тез жардам көрсөтүлгөн эмес», — деди Азимова.

Буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчы институту коңшу өлкөдө Талгат Темиркан уулу жана Руслан Иманкулов кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, Темиркан уулу январь окуялары, ал эми Иманкулов баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Казакстанга иш сапары менен баргандан кийин Темиркан уулу «кыйноолорго кабылганын» билдиришип, аны бошотууну талап кылышкан. Ал эми Иманкулов Казакстандын Жамбыл облустук соту тарабынан соттолгон — учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Мындан сырткары, 23-февралда, Казакстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу кармалган Сыймык Өмүрбек уулу айыпка жыгылып, жакын арада депортация болоору белгилүү болду. Ошондой эле казак бийлиги Өмүрбек уулуна Казакстанга кирүүгө 5 жылга тыюу салды.