Ошто операторду муштаган киши Осмоновдордун бизнес-өнөктөшү болуп чыкты

Тимурлан Эрнис уулу / Айбек Осмонов / Баялы Апсаттаров

28-февралда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун кабылдамасында кезекте турган киши «НурТВ» телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулун бетке муштап жиберген. Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми Эрнис уулу ошол эле күнү шаардык ооруканага кайрылып, анын жырылган оозу тиктирилген. Андан соң ал жумушуна кайткан. Бирок кечке жуук кан басымы көтөрүлүп Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Окуядан кийин «НурТВнын» журналисти Ырысбай Мажит уулу операторго «Ихлас» компаниясынын кызматкери жана депутат Айбек Осмоновдун жээни кол салган деген божомол бар экенин айткан.

Милиция операторго кол көтөргөн кишинин инициалдарын Б.А. деп берди. Бирок аты-жөнүн ачыкташкан жок. Ал эми бир катар ЖМКлар операторду Баялы Апсаттаров муштаганын жазып чыгышты.

Баялы Апсаттаров жана Осмоновдор

Фейсбукта Баялы Апсаттаров аттуу колдонуучу бар. Анын профилинде алты жыл мурда жүктөлгөн сүрөт турат. Операторго кол салган киши менен Апсаттаров түспөлдөш экени байкалат.

Мындан сырткары анын достугунда депутат Айбек Осмонов жана анын «Ихлас» компаниясынын баракчасы бар.

Ачык булактарда Апсаттаров «KG Строй», «Ал-Ихлас» ЖЧКларынын жетекчиси экени жазылган. Эки компанияны тең Осмоновдорго караштуу «Кыргыз Каганаты» ЖЧКсы негиздеген.

Ага-ини Осмоновдор «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылышат — ага «Кыргыз Каганат» курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» компаниялары катталган.

Ошондой эле Апсаттаров «Капитал Курулуш» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган компания Ак-Буура дарыясынын жээгин көктөндүрүү боюнча Ош мэриясынын ири тендерин утуп алган — 252 млн сом.

Апсаттаровдун OsOO.kg порталында көрсөтүлгөн телефон номерин Getcontact тиркемеси аркылуу текшергенибизде, аны аты «Баялы Ихлас», «Баялы Ош унаа курулуш», «Баялы Капиталстрой», «Баялы начальник завод 25 га» деп сакталганын көрө алдык.

Жогорудагы фактылар Осмоновдор менен Апсаттаров бинес-өнөктөш экенинен кабар берет. Ал эми алардын туугандык байлынышы бар-жогун аныктоо мүмкүн болгон жок.

Депутат Айбек Осмонов журналисттерге окуя боюнча комментарий берип, «күнөө эки тараптан кеткен» деп, «эркекчиликте мындай нерсе болуп турат» деп билдирген. Ошол эле учурда Осмонов Баялы Апсаттаров менен байланышын четке каккан эмес.

«Мен балдарды мына менен уруш, мынаны барып ур деп атпайм. Тааныш, тууган, дос дегендер көп. Тескерисинче мен аларды бирөөгө зыяныңарды тийгизбегиле деп, жакшы жакка үндөп келем. Азыр эки тарап келишип, жакшы мамиледе болуп эле калышты. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз мен ошону айткым келет», — деген ал.

Апсаттаровдон окуя тууралуу комментарий алуу үчүн байланышканыбызда, ал кийинчерээк жооп берүүнү убадалады. Бирок ошол замат телефонун өчүрүп, кайрадан байланышкан чыккан жок.

Мэриянын чуулу иштери жана холдингдин байланышы

2021-жылдын сентябрында УКМК Ош мэриясынын кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Кылмыш иши Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу козголгон. Атайын кызматтан шектүүлөр тууралуу кошумча маалыматты «тергөөнүн кызыкчылыгына» байланыштуу берүүдөн баш тартышкан.

Мындан сырткары 2020-жылдын ноябрында Ош шаардык прокуратурасы мэрия 25 гектар жерди сатуу менен бюджетке 70 млн сом зыян келтиргенин аныктаган.

Анда прокуратарадан Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан жер 2,5 млн сомго бааланып, түз сатуу жолу менен Осмоновдорго караштуу «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнүн белгилешкен.

Ал эми жер сатуу боюнча келешимге вице-мэр Жасур Азимов кол койгон. Ал мэриянын аракети «мыйзамдуу болгон» деп ишендирген.