УКМК: Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоору боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши көрктөндүрүү иштери боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу козголгон. Анткен менен атайын кызматтан шектүүлөр тууралуу кошумча маалыматты «тергөөнүн кызыкчылыгына» байланыштуу берүүдөн баш тартышты.

«Азыркы учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору

Ош шаарын Таалайбек Сарыбашов башкарып турганда Ак-Бууранын жээги оңдоо добоорун сунуштаган. Ал эми 2020-жылдын башында пандемияга карабастан мэрия дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлгөн.

Долбоорго ылайык, Нурматов көчөсүнөн Курманжан-Датка кичи районуна (мурдагы Юго-Восток) чейин 5,4 чакырым дарыянын жээгин көрктөндүрүү пландалган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 252 млн сом бөлүнмөкчү — анын 60 млну 2020-жылы коронавирус пандемиясына карабастан бөлүнгөн. Анда калаадагы чектөөлөрдөн улам тогуз айда Ош шаарынын бюджетине 102 млн сом түшпөй калган.

Таалайбек Сарыбашов кызматынан алынгандан кийин жаңы шайланып келген мэр Алмаз Мамбетов Ак-Буураны көрктөндүрүү иштери уланаарын билдирген. Коомчулукта аталган долбоорду Сарыбашов «өз атын калтыруу үчүн сунуштаган» деп айтып келишет.

Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү боюнча тендерди «Капитал Курулуш» компаниясы утуп алган. Ал эми «Кактус» басылмасынын журналисттери «Капитал Курулуштун» негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Осмонов менен байланышы бар болгонун аныкташкан.

Айбек Осмонов үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта депутаттык мандатка ээ болгон. Ал «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру» жана Ош шаардык кеңешине өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун астында «Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө өткөн.

*Осмонов Матраимовдор жасаган «басымдан» улам «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын тизмесинен чыгууга аргасыз болгону айтылган.

Ошондой эле депутаттын бир тууганы Нурбек Осмонов «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат — анын ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.

ТЕМА БОЮНЧА: Оштогу Ак-Буура дайрасын оңдоп-түзөө тендерин ким уткан? — Kaktus.mediaнын иликтөөсү