Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакырылды

Нурлан Сулайманов

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Маалыматты 2-февралда «Клоопко» көзөмөл органдын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Сулайманов 2009-2010-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министри болгон.

Буга чейин Башкы прокуратура тергеген иштин алкагында «Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов сурак берген.

Чуу жараткан протокол

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялаган эмес.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө протоколго койгонун «чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу» болгон деп негиздеген.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протоколду бир нече жолу сындап, аны «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Протоколго Нурлан Сулайманов да кол койгон

20-январда Адахан Мадумаров «Азаттык» үналгысынын «Эксперттер талдайт» берүүсүндө 2009-жылы Кыргызстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон протоколду «сунуш катары баалоо» керектигин айткан.

Ошондой эле Мадумаров 2009-жылдын 24-декабрында эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугуп, протоколдогу айрым пункттар «кошумча каралат» деген чечим кабыл алышкан. Саясатчы ушуну менен протокол «күчүн жоготкон» деп белгилеген.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кийинчерээк тактоо киргизип, 2009-жылдын декабрь айындагы өкмөттөр аралык жолугушууда Кыргызстандын өкүлү Нурлан Сулайманов болгонун айткан. Анда Сулайманов транспорт жана коммуникациялар министр кызматын ээлеп турган.

Текебаевдин айтымында, жолугушууда Мадумаров кол койгон протоколго Сулайманов да кол койгон. Кийинчерээк Сулайманов аталган протоколду ратификациядан өткөрүү үчүн документти Жогорку Кеңешке жиберген.

«Парламентке келип түшкөн, бирок [2010-жылы] апрель революциясы болуп кетип [протоколду ратификациялоо тууралуу] мыйзам долбоору жаңы парламенттен өтпөй калган», — деди Текебаев.

Текебаев Мадумаровго карата козголгон ишти «саясий куугунтуктоонун бир түрү» катары баалаган. Ошондой эле «Ата Мекендин» лидери Мадумаров жана Сулаймановго карата болгон «кош стандарттарды» сынга алган.

«Ар кандай деңгээлдеги документтер бар, бирок кылмыш иш Мадумаровго козголот, ал эми ишти кылып, Жогорку Кеңешке чейин алып келип киргизген адамдарга иш козголбойт. Ушунун өзү бир эле окуя боюнча эки башка адамга эки башка мамиле экендигин, бул тандалма процесс экендигин далилдеп турат. Мадумаровго каршы козголуп жаткан иш саясий мотиви, саясий ниети бар экендигин көргөзөт», — деп жыйынтыктаган сөзүн Текебаев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өмүрбек Текебаев: Мадумаров кол койгон протоколго Нурлан Сулайманов да кол койгон

«Юридикалык күчкө ээ эмес кагаз үчүн мынча кыйкырып жатасың?» Адахан Мадумаров протокол тууралуу

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты