«Дагы чыр кылабыз деп отурасыңарбы?» Азимбек Бекназаров Мадумаровго каршы көрсөтмө бербегенин айтты

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага июнь коогалаңы боюнча сурак бергенин билдирди. Аны менен бирге саясатчы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылуу жолдоду.

Бекназаровдун айтымында, ал Башкы прокуратурага депутат Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн эмес, 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча суракка чакырылган.

«Мындан эки жыл мурда Адахан-мырзанын “мени элчиликке сатылып кетти” деген сөзү боюнча басма сөз жыйында ага жооп берген сөзүмдү үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы саясатта колдонуп жүрүшөт. Кече күнү “ошол сөзүңүздү тактап коёлу” деген тергөөчүлөргө “макул, тактап коёлу” деген сөзүмдү Адахан мырза дагы, бийлик дагы саясат кылып жатат», — деди Бекназаров.

*Бекназаров 2019-жылдын декабрь айында Малайзияга элчи болуп дайындалган — бул кызматты ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

**2020-жылдын январь айында Бекназаров «Акипрессте» басма сөз жыйын куруп, Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы маселеси боюнча протоколго кол коюуга укуксуз болгонун билдирген. Мадумаров болсо Бекназаров мындай билдирүүсү жасагандан кийин «ага “ишке жарайт” деген мөөр басылганын» айткан.

«Урматтуу Камчы иним, Адахан иним: бир жыл мурда Баткен окуясын, чек ара сырын сактап чыгарбаган чырыңарды эми тергөөнүн сырын бузуп, элдин башын оорутуп, дагы чыр кылабыз деп отурасыңарбы? Сурак кылганда дагы, сурак бергенде дагы мыйзамды сактап, тергөөнүн купуялуулугун сактап, элдин башын оорутпай жөн бербейсиңерби?» — деди Бекназаров.

Ошол эле учурда Бекназаров Кыргызстанга кызматтык иш сапары менен келгенин белгиледи.

Азимбек Бекназаров 17-январда Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ал эми 19-январда көзөмөл органда Бекназаров менен УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ортосунда 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча беттештирүү жүрүүдө.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол боюнча да тергөө жүргүзүүдө. Анын алкагында «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров бир нече жолу сурак берген.

Мадумаров суракты өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, «кысым болуп жатканын» билдирген. Анын айтымында, «баары президент Садыр Жапаровдун басма сөз жыйында жасаган билдирүүсүнөн кийин башталган».

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

«Президент элди адаштырып жатат». «Бүтүн Кыргызстан» Мадумаровду коргоп кайрылуу жасады