Украин депутаты: Элчи Кыргызстан санкцияларга кошулбай койгондуктан чакыртылды

Украинанын Жогорку радасынын депутаты Алексей Гончаренко президент Владимир Зеленский Кыргызстандын Орусияга карата санкцияларды колдобой койгону үчүн элчини чакыртып алганын айтты.

Бул тууралуу Гончаренко кыргыз басылмалары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында (ал онлайн өттү) «Клооптун» журналистине айтты.

«Санкциялар тууралуу айтсак, азыр өлкөлөр эркин дүйнө менен Орусия, Беларус, Эритрея жана Түндүк Кореянын* ортосундагы лагердин бирин тандап жатышат — бул БУУнун [Орусиянын Украинага кол салуусун жектеген] резолюциясына каршы добуш берген өлкөлөр», — деп эсептейт Гончаренко.

*БУУнун резолюциясына Сирия да каршы добуш берген.

Ал Украина дүйнөлүк коомчулукту Борбор Азия өлкөлөрүнө санкция киргизүүгө чакырбаганын кошумчалады. «Украина [согушка катышып жаткан] Орусия менен Беларустан башка өлкөлөргө санкция киргизүүнү суранган эмес», — деди депутат.

Саясатчы «учурда бардык мурдагы советтик республикалардын, ал түгүл Варшава келишиминдеги [мурдагы] өлкөлөрдүн да эгемендиги коркунучта» деп эсептейт.

«Владимир Путин [...] бүткүл [Советтик] союздун кулашы — туура эмес деген, ал баарын артка кайтаргысы келип жатат. Кыргызстан да ушундай эле коркунучта», — деди Гончаренко*.

*Орусиянын президенти Владимир Путин СССРге кирген мурдагы республикалардын жерлеринин бир бөлүгү — «орус элинин чоң белеги» экенин бир канча жолу айткан.

«Эгер тигил же бул республика Советтер Союзунун курамына кирип, бирок өзү да орустун бир кыйла жерлерине ээ болуп, Орусиянын тарыхый аймактарына ээлик кылып, андан соң Союздун курамынан чыгам десе — анда жок дегенде өзү келгенде кандай абалда болсо, ошондой чыгышы керек эле. Орус элининен алган белектерин кошо сүйрөп кетпеши керек болчу», — деген интервьюларынын биринде Путин.

Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып жатканы тууралуу маалыматты өлкөнүн президенти Владимир Зеленский 1-мартта айткан.

БУУнун Башкы ассамблеясы 2-мартта Украина боюнча резолюцияны жактырган. Резолюцияда Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы айтылган.

Кыргызстан добуш берүүдөн карманган 35 мамлекеттин катарына кирген. Резолюцияны 141 өлкө колдогон, 5 мамлекет — Орусия, Беларус, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш беришкен.

Мунун бары Орусия Украинага 24-февралда бастырып кирген шартта болууда. Владимир Путин согушту Украинаны «демилитаризация жана денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атаган.

Андан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы экономикалык, технологиялык жана авиациялык санкцияларды киргизе башташкан. Санкцияларга орус чиновниктери, ишкерлери жана пропагандисттери да кабылган.

Дагы окуңуз:

Украина: Европадагы ири АЭС өрттөндү, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды