Бишкек менен Ошто Орусиянын миграциялык борборлорун ачуу пландалууда

«Сахароводогу» кезектер. Архивдик сүрөт: Лазат Такырбашева / «Азаттык»

Бишкек жана Ош шаарларында Орусиянын миграциялык борборлорунун өкүлчүлүктөрүн ачуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 6-мартта кабарлады.

Миргациялык борборлорду 2022-жылдын жай айларында ачуу маселеси ТИМдин консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев жана Москвадагы «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунун (КФМБ) жетекчилигинин жолугушуусунда талкууланган.

Мындан сырктары, Имангазиев Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына керектелүүчү процедураларды өтүүгө жакшы шарттарды түзүп берүүнү өтүндү.

«КФМБдын жетекчилиги медициналык күбөлөндүрмө жүргүзүлгөн “М” секторунун өткөрмө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди», — деп жазылат ТИМ жарыялаган маалыматта.

Ошондой эле министрликтен кыргыз жарандарына «Сахарово» миграциялык борборуна саат 13:30дан 17:00го чейин баруу сунушталарын эске салышты.

Кыргызстанда миграциялык борборлорду ачууну буга чейин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда сунуштаган. Мамытов бул кыргыз жарандарына «тиешелүү документтерди алдын-ала даярдоосуна, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жараяндардан өтүүсүнө жана ишке орношуусуна көмөктөшөт» деген пикирин айткан.

Ал эми Володин бул сунушту колдоп, маселе иштелип чыккандан кийин Орусиянын өкмөтүнө жиберилээрин билдирген.

«Сахарово» КМФБдагы узун кезектер

17-февралда социалдык тармактарда «Сахарово» КФМБнын алдында мигранттардын узун кезеги тартылган сүрөт жарыяланган. Сүрөттү жарыялаган журналист Нурайым Идрисова таанышына таянып борбордун алдында беш жарым миңден ашуун кыргыз, өзбек жана тажик мигранттары документ алуу үчүн кезекте турганын билдирген.

Мигранттардын узун кезеги пайда болуусуна орус бийлиги 2021-жылдын 29-декабрында «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусу» жана «Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгени себеп болгон. Ага ылайык, Орусияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү милдеттүү болуп калган.

Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга реакция жасаган. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн миграциялык борборлордо «өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү» менен нота жөнөткөн.

Ал эми 20-февралда «Сахароводо» ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн «2А» аталышындагы өзүнчө эшик ачылган. Бирок кыргыз жарандары үчүн өзүнчө кирүү уюштурулганы менен алар кийинки процедураларды башка өлкөнүн жарандары менен бир жерде өтөт. Мындан улам КФМБда узун кезектер маселеси улам пайда болуп турат.

Ал эми 22-февралда Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүк мигранттардын медициналык кароосунан өткөнү тууралуу маалыматтардын мөөнөтүн бир жылга чейин узарткан. Буга чейин документ үч айлык мөөнөткө гана жарактуу болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Техникалык мүчүлүштүк». ТИМ «Сахароводогу» мигранттардын узун кезеги боюнча үн катты