ТИМ: Тажикстанда 30дан ашуун кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатышат

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын абактарында 28 кыргызстандык жаза өтөп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик дагы 11 кыргызстандык ТИЗОдо камакта экенин белгиледи. ТИМ кыргызстандыктар эмне себептен камалганын ачыктаган жок. Бирок буга чейин «Азаттык» басылмасы 2021-жылы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 39 кыргызстандык Тажикстандын Согди облусунда соттолгонун жазган.

ТИМдин маалыматына ылайык, ТИЗОдогу 11 кыргызстандыктын бешөөнө сот чечими чыккан.

Министрлик «кыргызстандыктардын бошотулушу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп жатканын» белгиледи.

Ошондой эле ТИМ Адамдарды өткөрүп берүү конвенциясына ылайык, кыргыз тарап Тажикстан менен соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн мекенине өткөрүү маселесин бир нече жолу талкуулаганын билдирди.

Министрлик кармалган жарандарга консулдук сурак уюштуруу үчүн тажик тарапка нота жөнөтүшкөнүн кошумчалады. Тажикстан ага макул болгон.

«[ТИМдин] кызматкерлери министрликте жогоруда аталган жарандардын жакындары менен үзгүлтүксүз жолугушуп, кылынып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип жатышат», — деп белгилешти ведомстводон.

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралда Тажикстандын чек арасын «мыйзамсыз өтүп» эки жылга соттолгон 68 жаштагы кыргыз жараны коңшу өлкөнүн абагында каза болгону кабарланган.

Андан көп өтпөй каза болгон кыргызстандык Кудайберди Бекмуратов аттуу жаран экени белгилүү болгон. Элчилик маркумдун өлүмүн калыс, адилеттүү иликтөө үчүн Тажикстандын ТИМине нота жөнөткөн.

Өткөн жылдын ноябрь айында Акыйкатчынын аппараты Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, Кыргызстандын жарандарынын укук бузуулусуна жол бербөөнү өтүнгөн.

Тажик бийлиги ошол эле айда үч кыргызстандыкты жана жылдын башында Р. Исмаилов аттуу жаранды Кыргызстанга кайтарган. Ал эми Кыргызстан Тажикстанга эки жаранын өткөрүп берген. Алардын баары кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталышкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Тажикстандын абагында кармалган 68 жаштагы кыргыз жараны көз жумду