Жалал-Абаддын башчысы маркумдарды жерге берүү боюнча жарлыкты аткарууну талап кылды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине жыйын өткөрдү. Анда Сыргабаев президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашырууну тапшырды.

Чогулушка район акимдери, айыл өкмөт башчылары, облустук жана шаардык милициянын башчылары жана муниципалдык кызматтын жетекчилери катышты.

Облус башчысы маркумду жерге берүүдө дагы деле мал сойгон учурлар катталып атканын белгилеп, жарлык аткарылбаса жетекчилер кызматтан бошотулушу мүмкүн экенин эскертти.

«Президенттин жеке тапшырмасы боюнча ушуну катуу көзөмөлгө алыңыздар. [...] Эгерде ошондой [мал сойгон] фактылар дагы кайталанып, президенттин жарлыгы аткарылбаса, анда ар бириңиздердин жумуш ордуңарга чейин карала турганы белгиленип, бизге тапшырма келди. Ушул боюнча катуу көзөмөлгө алып, жарлыктын аткарылышын талап кылат элем. Ар бириңиздер жер-жерлерде иш алып барыңыздар», — деди ал.

Буга чейин Абсаттар Сыргабаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 8-мартка карата Жалал-Абад шаарында «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасына катышкан. Салтанат эки ресторанда 1000ге чукул баатыр эненин катышуусунда өтүп, дүйнө салган энелердин урматына куран окутуу менен башталган.

Абсаттар Сыргабаев 8-мартка карата Камчыбек Ташиев уюштурган иш-чарада.

«Регион ТВ» телеканалы даярдаган сюжеттен дасторкон даярдалып, баатыр энелерге устукан тартылганын көрүүгө болот.

Февралдын аягында президент Садыр Жапаров «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союга тыюу салынарын айткан.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап Ак үйдөгү аткаминерлерге чейин тапшырарын айткан. Бирок жарлыкты ишке ашыруу механизми жарлыкта так жазылган эмес — аны ким, кантип аткарары, эгер аткарбаса кандай жоопкерчилик каралары белгисиз.

Ал эми 9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Маркумду узатууда ысырапкорчулукту алдын алуу жөнүндө» фатва чыгарган. Анда каза болгон адамды жерге берүүдө мал союп, келгендерге дасторкон жайып, тамак-аш берилбесин деп жазылган.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады

Муфтият маркумду жерге берүүдө ысырапкорчулукту азайтуу боюнча фатва чыгарды