Temirov Live’дын иликтөөсү: Президенттин жогорку кызматты аркалаган кезектеги кудасы ким?

Temirov Live редакциясынын журналисттери президент Садыр Жапаровдун учурда жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган кезектеги тууганы тууралуу иликтөөсүн жарыялашты. Журналисттер алардын туугандык байланышын далилдеп, ал киши Садыр Жапаров президент болгондон кийин жогорку кызматты аркалай баштаганын аныкташкан.

Туугандык байланыштар

Кеп учурда Эсеп палатасынын төрагалык кызматын аркалап жаткан Алмазбек Акматов тууралуу болууда.

Журналисттер Акматов президент Садыр Жапаровдун кичүү инисинин аялы Мээрим Акматованын таякеси экенин аныкташкан.

«Ошентип Эсептөө палатасынын жетекчисинин президентке туугандык байланышы бар экени такталды», — деп билдиришти журналисттер.

Баш айланткан карьера

Журналисттер ошондой эле Акматов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматтык секирик жасаганын ырасташкан — ал убакта Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келген.

Жапаров президенттикке келгенге чейин Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалган. 2021-жылдын январында, Жапаров президент болуп шайлангандан бир ай өткөндөн кийин, Акматов Эсептөө палатасынын аудитору болгон. Эки айдан кийин апрелде президенттин жарлыгы менен Эсептөө палатасынын төрагалыгына дайындалган.

Президенттин жогорку кызматтагы башка туугандары

Президенттин Алмазбек Акматовдон башка жогорку кызматты аркалаган башка да кудалары бар.

Буга чейин Temirov Live’дын журналисттери президенттин башка кудалары тууралуу да иликтөө чыгарышкан. Алар: Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Түмөнбаев.

Таштанбека Каймазаровду президент Мамлекеттик миграция кызматынын директору кылып дайындаган. Садыр Жапаровдун кудасы Мамлекеттик миграция кызматын жетектейт — FactcheckАйдар Адылбеков – «Чыгышэлектронун» башчысынын орун басары. Temirov LIVE президенттин жогорку кызматтагы кудаларын тизмектеди

Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору болгон. Журналисттер Түмөнбаевдин коррупциялык иштери тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин ал кызматтан алынып, бирок жоопко тартылган эмес.

Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жататА бирок Садыр Жапаров президенттикке талапкер кезинде мамлекеттик башкарууга туугандарын, жакын үзөңгүлөш жана досторун аралаштырбасын айтып ишендирген эле.