«Империя Пиццы» кафесиндеги массалык уулануу. Кылмыш иши убактылуу токтотулду

«Империя Пиццы» кафесиндеги массалык уулануу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Фейсбукка адвокат Икрамидин Айткулов жазды.

Айткулов массалык уланууда 9, 10 жана 6 жаштагы жете элек балдар дагы жабыркаганын, ал жеткинчектердин жана алардын ата-энесинин кызыкчылыгын коргоп жатканын белгиледи.

Адвокат массалык ууланууга себепкер болгондор жазаланбаганына жана тергөөчү иш токтотулганы тууралуу билдирүүнү кеч жөнөткөнүнө нааразы болуп, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жөнөткөн арызын тиркеди.

Айткуловдун айтымында, Бишкек ШИИБинин тергөөчүсү «тергөө мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу, күнөлүү адам аныкталганга чейин кылмыш иши убактылуу токтотулганы» тууралуу билдирүүнү 5-мартта жөнөткөн. Ал эми чечим 9-февралда чыккан.

Мындан улам, адвокат билдирүүнү бир айга кечиктирип жөнөткөн тергөөчүнүн чечими «мыйзамсыз» жана жокко чыгарылууга тийиш деп эсептейт.

«Билдирүү бир айдин кийин жөнөтүлгөн [...] аны конверттеги почта мөөрлөрү тастыктап турат», — деп жазылат арызда.

Аны менен катар, адвокат башкы прокурордон «кылмыш ишин талаптагыдай тергеп, иликтөө жүргүзүлбөгөнү үчүн» тергөөчүнү жана массалык уланууга себепкер болгон күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Ал эми Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы «кылмыш иши токтотулду деген маалымат жалган» чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Шаардык милиция кылмыш иши боюнча комиссия түзүлгөнүн айтып, Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлгөн экспертизанын корутундусу азырынча чыга элек болгондуктан, иш «убактылуу гана токтотулду» деп белгилешти.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча тергөө кызматы акыркы процессуалдык чечимди кабыл алат», — дешти шаардык милициядан.

Массалык уулануу

«Империя Пиццы» кафесинин филиалы.

Өткөн жылдын октябрь айында Бишкектеги «Империя Пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Алгач ооруканага 12 киши кайрылып ууланганын билдирген, бирок кийин кайрылгандардын саны өсүп баштаган жана 28-октябрда 318 кишиге жеткен.

Массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган. Ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тамактануучу жайдын филиалдарына жалпысынан 30 500 сом айып салган.

Көп өтпөй Бишкек ШИИББ «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген мораторий убактылуу алып салынганын кабарлаган. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайлар текшерилет деп билдирген.

Тема боюнча:

«Империя пиццыдагы» уулануу. Милиция кылмыш ишин козгоду

«Империя пиццыдагы» уулануу. Сальмонелла деген эмне?