Назарбаевдин жээни мамлекеттик ишканадан ири өлчөмдөгү каражат уурдоого шектелип кармалды

Казакстанда өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни — Кайрат Сатыбалдыулы кармалды. Бул тууралуу 13-мартта Казакстандын коррупцияга каршы агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Сатыбалдыулы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана «Казактелеком» акционердик коомунан ири өлчөмдөгү каражатты уурдоого шектелүүдө.

«Кайрат Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген башка да кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар ачыкталбайт», — деп билдиришти ведомстводон.

Кайрат Сатыбалдыулы – Нурсултан Назарбаевдин жээни. Ал «Казактелеком» компаниясынын 24% акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company офшордук фирмасын негиздеген.

«Казактелеком» – өлкөдөгү эң ири байланыш оператору.

Казакстандагы нааразычылыктар

Нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан.

Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин төрагасы кызматын эми өзү аркалай турганын айткан — бул кызмат Назарбаевге өмүрүнүн акырына чейин ыйгарылган болчу.

Кийинчерээк Назарбаев «Нур-Отан» бийликчил партиясын да жетектөөнү токтотуп, партиянын аталышы «Аманат» болуп өзгөргөн. Нааразычылык акциялардын тушунда жана андан кийин Назарбаевдин көптөгөн үзөңгүлөштөрү жана туугандары кызматтарынан кол жуушкан.

Тема боюнча окуңуз:

Казакстанда Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарат деген мыйзам жокко чыкты

Нааразылыктын шартында Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы 200 млн $ жоготту

Аркадий Дубнов: Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалды