«Сотторго ишенбейм». Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына эмне үчүн кум төктүргөнүн айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев интернетте тараган видеого түшүндүрмө берди. Видеодон «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» клиникасынын кире беришине кум төгүлгөнүн көрүүгө болот.

Министр «Азаттыктын» журналистинин клиниканын кире беришине кум төктүрүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу суроосуна жооп берип жатып, сотторго ишенбесин айтты.

«Президентке, башкы прокурорго да маалымат бердим. Эми аларга кылмыш иши ачылат. Аларды жөн эле чыгарып койгонго күчүбүз жетпейт. Сот болсо 10 жылга созулуп кетет. Ал убакта биз жок болуп калабыз да. Ошон үчүн бат эле кууп чыгыш керек», — деген Бейшеналиев.

Буга чейин Бишкек мэриясы №2 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган.

10-мартта Бейшеналиев клиникага келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган.

Фойеден министрди клиниканын өкүлү тосуп алган. Өкүл «азырынча имаратты бошотуу тууралуу Бишкек мэриясынан токтом чыга электигин айтып, Кыргызстан укуктук мамлекет экенин» эскерткен. Буга министр: «Эй, бар жоголчу сен, укугуң менен!» деп жооп берген. Бейшеналиев эгерде бүгүн имаратты бошотпосоңор, клиникага жигиттер менен келип, баарын талкалап кетерин айтып коркуткан.

Тема боюнча окуңуз:

Бейшеналиев травматология бөлүмүн жана хирург Эрнст Акрамов жетектеген институтту жаптырды