«Мышык ыйлай турган абалда». Укук коргоочу Абдирасулова Биринчи май РИИБдин имараты тууралуу

17-мартта «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Фейсбук барагына Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынан тартылган бир нече видео жарыялады.

Абдирасулованын айтымында, имараттын ичи-сырты, эшик-терезелери жана ажатканасы «таптакыр каралбай калган».

«Мына терезесинде айнек жок. Үстүнкү [кабаттын терезесинин дагы] айнеги сынган. Дубалдары авариялык абалда. Өтө каралбай калыптыр. Бул Бишкектин борбордук ички иштер башкармалыгынын акыбалы. Ушундай кир, чаң. Көрүнгөн жерге таштандыларды тыгып, ушундай болуп калыптыр», — деди ал.

Абдирасулова райондук милициянын ичиндеги ажаткананы дагы видеого тартып, ал жер жарксыз абалга келгенин айтты.

«[Ажаткананын] жыты деле бир укмуш экен. Абалы өтө начар. Суу чорголору иштебейт, сынып жатат. [...] Ылай, суу, тазаланбаганына бир топ эле болуп калган окшойт», — деп көрсөтүп берди ал.

Укук коргоочу милиция кызматкерлери имараттын көрүнгөн жерине таштанды ыргытканын белгилеп, башкармалыкты таптипке келтире албай жаткан Биринчи май РИИБдин жетекчилигин сынга алды.

«Тамекинин калдыктарын көрүнгөн жерге таштап кетишет экен. Өздөрүнүн кенедей райондук башкармалыгында тартип, тазалыкты сактай албаган милиция кызматкерлери, Кыргызстанда таптипти сактайбы? Жөн эле жүрөк ооруйт [...] Биринчи май РИИБдин жетекчилери, алардын орун басарлары мындай абалды көрбөйбү, таң каласың. Жетекчилери, кызматкерлер ушундай шартта кантип иштеп жатышат?», — деп сындады ал.

Бүгүн, 17-мартта милиция кызматкерлери укук коргочу Азиза Абдирасулова, Өндүрүш Токтонасыров жана Динара Ошурахуноваларды Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн кармап кетишкен. Алар Украинадагы согушка каршы жана Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө койгонуна нааразы экенин белгилешкен.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынчтык митингин өткөрсө болорун белгилешкен.

Тема боюнча:

Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды