«Ош электрдеги» коррупция: Дагы эки кызматкер камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт

Мамлекеттик бюджетке 134 млн 404 миң сом зыян келтирилген «Ош электр» ишканасындагы «коррупция» ишине шектелип мекеменин дагы эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкананын ички көзөмөл секторунун тескөөчүсү жана Өзгөн РЭТтин башкы ишженери кармалды.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо уланып жатат.

Буга чейин ушул эле кылмыш ишине шектелип «Ош электр» ишканасынын мурдагы башчысы Дыйканбай Даминов жана Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалган болчу.

Башкы прокуратурадан мекеменин жооптуу кызматкерлери 2016-2020-жылдар аралыгында электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды баланстан мыйзамсыз чыгарганын билдиришкен.

«Ош электрге» байланыштуу иштер

2021-жылдын башында ошол кездеги Каржы полициясы Даминовду ишкерден акча опузалоого шектеп кармаган болчу. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Даминовдун үстүнөн жеке ишкер арызданган.

Ишкердин айтымында, ал жетектеген компания «Ошэлектро» ишканасынан аткарган иштери үчүн 6 млн сом төлөп берүүнү өтүнгөн. Буга ишкананы жетектеп турган Даминов бир миллион сом «откат» бересиң деп талап кылган.

Анда финполдон акча каражаты Даминовдун эсебине которулганын белгилешкен.

Көп өтпөй Даминов Бишкек ШИИБдин изоляторуна киргизилген болчу. Андан ары иштин эмне болгону тууралуу маалымат жок.

*2021-жылдын март айында Каржы полициясы жоюлуп кеткен.

Ал эми 2021-жылдын 19-январында «Ошэлектр» ишканасы мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу кишилери Маммүлк фонду менен макулдашпай туруп, ишкананын мурдагы административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатып жиберишкен.

Имараттын жалпы аянты 619,66 чарчы метрди түзүп, 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан болчу. Финполиция маалымдагандай, жер сатуу учурундагы мындай участоктун орточо базар баасы — 1 сотых жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ошэлектрдин» мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Финпол: «Ошэлектр» жер менен имаратты 30 млн сомго арзан сатып жибергени аныкталды

«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда