Садыр Жапаров Нооруз майрамында иш сапары менен Баткен облусунда болот

Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта эки күндүк иш-сапары менен Баткен облусуна барат.

«Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат. Ошондой эле, президенттин Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө», — деп билдирди президентин басма сөз кызматы.

18-мартта Садыр Жапаров «Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койгон.

Ал эми 16-мартта парламент шаардын атын өзгөртүү демилгесин жактырган. Мыйзам долбоору дароо үч окууда кабыл алынган.

Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров 25-декабрда минкабдын жыл жыйынтыгына арналган отурумунда демилгелеген. Анда президент демилге Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырыларын айткан.

Раззаковдун ысымы буга чейин, шаардын аэропортуна жана Лейлек районундагы көмөк чордонго да ыйгарылган.

Исфана — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусундагы Хорасан айылында туулган. Ал советтик партиялык ишмер жана Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысы болгон.

Раззаков 1979-жылы Москвада каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө кайрадан жерге берилген.

2010-жылы көзү өткөндөн кийин ага Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган.