«Жүргүнчүлөр болгон эмес». Маршуруттук унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп, айдоочу каза тапты

24-март күнү саат 7:30 чамасында №193 маршруттук таксинин айдоочусу 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кырсыкка учурап каза тапты. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, Ахунбаев көчөсүнөн өткөндөн кийин унааны башкара албай жол жээгиндеги даракты сүзгөн.

Кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу «Клоопко» маршруттук унаанын ичинде жүргүнчүлөр болгон эместин билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкектин Элебесов-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркаган.

Ал эми 17-февралда №138 маршруттук унаанын айдоочусу Дэн Сяопин жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинде 11 жаштагы окуучу кызды коюп кеткен.

Кыз ооруканага жеткирилип, кийин абалы туруктуу экенин маалым болгон. Ал эми унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Тема боюнча:

Видео: Бишкекете маршрутканын айдоочусу 11 жаштагы окуучу кызды коюп кетти

Бишкекте эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркады, экөө — оор абалда