Next TV телеканалынын иши боюнча сот: Равшан Жээнбеков соттон чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын Кыргызстандын аймагында Next TV телеканалынын ишин токтотуу арызы боюнча жыйын өтүп жатат.

Соттун отуруму башталардын алдында сүрөт жана видео тартууга тыюу салынып, буга телеканалга ээлик кылган саясатчы Равшан Жээнбеков нааразы болду. Саясатчы президент Садыр Жапаровдун сот отурумдары ачык болушу керек деген сөзүнө таянды.

«Сотту жабык өткөрүп жатат, бул жарандык иш, бул жерде эч кандай жашыруун сыр жок. Бирок судья, мына көрдүңөр бардыгыңар, сотту жабык өткөрүп, өзүнүн кыла турган ишин жашырып атат, анткени коркуп жатат ошондон. Биз коркпойбуз, камаса да коркпойбуз, тебелесе да коркпойбуз. Бирок мына бул соттор президенттин айтканын аткарбай жатышат», — деди Жээнбеков.

Башкы прокуратура 22-мартта сот жыйындарынын биринде соттон телеканалдын өлкө аймагында обого чыгуусун токтотууну суранган. Ошондой эле көзөмөл органы телеканалдын продукцияларын өлкө аймагындагы башка каналдарда, ЖМК жана интернет-ресурстарында дагы жайылтууга тыюу салууну суранып жатат.

Next TV’га каршы иш

Next TV’га карата иш телеканал Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысынын «Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти» деген билдирүүсүн чыгарганы үчүн козголгон.

Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул сөздөрдү четке кагып, кыргыз аскерлерин өлкө сыртында болуп жаткан кандайдыр бир аскердик окуяларга катыштыруу планы жок экенин билдирген.

Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери телеканалдын кеңсесине мөөр басып, ошондой эле директору Таалай Дүйшөнбиевди кармап кетишкен. Дүйшөнбиевге каршы «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да колдогон.