Активист Айсулуу Кудайбердиевага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголду

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы активист Айсулуу Кудайбердиевага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоду. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, 29-мартта райондук милициянын тергөөчүсү Асылбек Абдылдаев телефон чалып, фотограф Игорь Коваленко ага каршы милицияга арыз менен кайрылганын айткан.

«Мага каршы коомдук тартипти бузган деген арыз түшкөн экен. Окуя Орусия элчилигинин алдындагы тынчтык митингинде болгон. Чынын айтсам, арыз жазганына күлкүм келип атат. Биринчиден, менден эки эсе келген киши мени өзү биринчи жөөлөп, уят сөздөр менен сөгүнүп, орус аскердик кемесин кайда жогол дешсе, ошол жакка бар деди. Эми ыйламсырап мага каршы арыз жазганына күлкүм келип жатат», — деди ал.

Сүрөт: Айсулуу Кудайбердиеванын фейсбук барагы.

Кудайбердиева Игорь Коваленко жарандык активисттерге жана көз карандысыз ЖМКларга басым кылып жатат деп эсептейт.

«Кырдаал ушундай болуп жаткан соң, мен ага эч кандай кек сактабайм, бирок анын ар кандай механизмдер менен — айрымдарына иш козгоп, айрымдарын экстремисттик деп таап, жарандык коомдун, көз карандысыз телеканалдардын оозун жабууну көздөгөн бийликтин куралы болуп калганына боорум ооруйт», — деп билдирди ал.

30-мартта Кудайбердиева түшүнүк кат жана Коваленконун үстүнөн өзү да арыз жазганын белгиледи.

Ал эми Игорь Коваленко «Кактус Медиага» курган маегинде 28-марттагы митинг учурунда активист айым ага кол салганын белгилеп, буга чейин анын кечирим сурашын күтүп жүргөнүн билдирди. Ал Кудайбердиева камеранын объективине асылып, жабдыкка зыян келтириши мүмкүн экенин айтты.

Биринчи май райондук милициясы «Клоопко» активисттин кайрылуусу боюнча азырынча комментарий бере элек.

Айсулуу Кудайбердиева жана ага козголгон иштер

Айсулуу Кудайбердиева — саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы жана жардамчысы. Андан тышкары фейсбуктагы «Полит Узник» тайпасынын администратору экени айтылып келет.

Мындан тышкары, ал бийликтеги коррупция жана криминалга каршы #REакция митингдерине катышкан.

Кудайбердиева 2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип, үйү тинтүүгө алынган. Активист ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат жазып бергендиктен кайсы ишке байланыштуу суракка чакырылганын айткан эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Кудайбердиевага чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы тагылган. Активист бул айып 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан төрт жолу өткөндүгүнө байланыштуу экенин айткан. Милиция ишти Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кудайбердиева козголгон ишти УКМКнын ага карата кысымы деп атаган. Ал «Равшан Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергени үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга жана куугунтукка дуушар болуп келгенин» айткан.

Тема боюнча:

Равшан Жээнбековдун тарапташына чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы тагылды

Активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга сурак берип, үйүндө тинтүү жүрдү