Лейлектин Жаңы-Жер айылынын тургундары Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты

Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалиловдун тарапташтары 30-мартта Башкы прокуратуранын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Чогулгандар Эгембердиев жана Жалиловдун кармалышын «негизсиз» деп атап, аларды бошотууну талап кылышты.

Жалиловдун эжеси Гүлзада Жалилованын айтымында, алар башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жолугуп чыккан. Жолугушууда Эгембердиев, Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Акжол Абдуллаевдин үстүнөн 2021-жылдын август айында үч киши арыз жазганы ачыкталган.

«Ошону эми көтөрүп чыгыптыр. “Эмне жөнүндө?” десек “курулуш боюнча тендер өткөргөндө 4 миллион сом жетпейт (зыян келтирилген - редакция)” деген доомат менен жазылыптыр», — деди ал.

Ошондой эле Жалилова алгач шектүүлөргө «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылып, бирок 26-мартта алардын бөгөт коюу чарасы каралып жатканда берене «Коррупцияга» алмашканын белгиледи.

Жалилова бир тууганы журналист Ыдырыс Исаковго Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузууларды ачык айтып чыкканы «куугунтукка кабылды» деп эсептейт. Гүлзат Жалилова президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана Акыйкатчы институтуна кайрыла турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, 30-мартта Эгембердиев жана Жалиловдун жакындары Баткендин Кадамжай шаарында митингге чыгып, бошотулушун талап кылышты.

Аткаминерлердин кармалышы, прокурорлордун отставкасы

24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов жана Акжол Абдуллаевди кармаган. Эгембердиев жана Жалилов мурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүн башкарышкан.

Баткен облустук прокуратурасынын алар Жаңы-Жер айыл аймагында социалдык объектилерди курууда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелгенин билдиришип, бирок иштин чоо-жайын ачыктаган эмес. Кийинчерээк аларга «Коррупция» беренеси менен айып тагылган. Лейлек райондук соту Эгембердиев жана Жалиловду 3-апрелге чейин камакка алган, ал эми Абдуллаев үй камагына чыккан.

Аткаминерлер кармалгандан кийин алардын тарапташтары Раззаков шаарында митингге чыгышкан. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин төрайымы Зулайка Турдуева алар мурдагы айыл өкмөт башчы Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып чыкканы үчүн кармалганын айткан. Митингчилер ошондой эле Бостонов менен байланышы бар делген облустук прокурор Нуркамал Набиевдин отставкасын талап кылышкан.

Ал эми 26-мартта облус прокурору Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жаан Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулганы белгилүү болгон.

Турабай Бостонов деген ким?

Турабай Бостонов Жаңы-Жер айылынын мурдагы башчысы. Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков ал тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундар Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан.

Мындан сырткары, иликтөөдө Бостонов иш жүзүндө Жаңы-Жердеги мал базарга, гараждарга, май куючу жайга, унаа токтотуучу жайга, кампа жана бала бакчага ээлик кылары айтылган — жалпысынан мурдагы аткаминер «55 объектти менчиктештирген».

*«Политклиника» басылмасынын маалыматына караганда, Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылат. Ошондой эле журналисттер анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаров Башкы прокуратурада иштегенин билдиришкен.

Жергиликтүүлөрдүн сөздөрүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов жана айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев да татастыкташып, Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен. Ошондой эле иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалаганы» айтылган.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Лейлек: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккандар кармалды

Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги: ИИМ, УКМК жетекчилеринин жана депутаттардын изи