Төрөхан Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды

Төрөхан Жунусбеков (сол жакта) Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда

Президент Садыр Жапаровдун тарапташы, активист Төрөхан Жунусбеков 18-мартта Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин 31-марттагы отурумунда белгилүү болду.

Төрөхан Жунусбеков — президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого дал ушул партиянын катарында катышкан.

Жунусбеков 2007-жылы «Кыргызстандын татыктуу келечеги» бирдиктүү фронтунун өкүлү болгон. Андан тышкары, ал 2017-жылы Таластан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнө нааразы болуп, 2019-жылы Көркөм сүрөт өнөр музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы митингдерге чыккан. 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Ала-Тоо аянтындагы митингине катышкан.

Ал эми 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Жунусбеков Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн да күрөшкөн. Ал Нариман Түлеевдин калаа башчылыгына дайындалганына каршы чыккан. Көп өтпөй мэрликке Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги сунушталгандан кийин Жунусбеков мэрлик кызматты мээлеген дымагынан баш тарткан.

2020-жылдын декабрь айында «Мегакомдун» башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Жунусбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ошол кезде талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларында катышкан — Боршайком бул боюнча милицияга да кайрылган.

Ал арада Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Жунусбеков алардын штабына тиешеси жоктугун билдирген, ал эми «Мегакомдон» Жунусбеков «эмгек өргүүсүндө экенин» кабарлашкан.

Жунусбеков ээлеген кызматынан 2021-жылдын август айында өз каалоосу менен кеткен. Ошондой эле ал 2021-жылы парламенттик шайлоо №21 Талас округунан катышып, бирок жеңишке жеткен эмес.