Төрөбаевдин ордуна бажыдагы коррупция ишинин фигуранты Абдыбахаб Боронбаев депутат болду

Абдыбахаб Боронбаев

Парламенттин жаңы депутаты Абдыбахаб Боронбаев болду. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна мандат алды.

Боронбаев — Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы жана мекемедеги коррупция ишинин фигуранты. Аталган иш боюнча бажы төрагасынын мурдагы орун басарлары Райымбек Матраимов жана Нурлан Ражабалиев дагы өткөн.

БШКдан «Азаттыкка» Боронбаевдин соттуулугу жоюлганын билдиришти.

Ошентип бир эле иштин эки фигуранты – Боронбаев менен Ражабалиев — 2021-жылы коррупцияга күнөөлүү деп табылган, азыркы тапта парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаттары.

Ражабалиев менен Боронбаевге 2021-жылы 260 миң айып салынып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордуна 12 млн сом жана 8 млн сом төгүп беришкен.

Матраимов тергөө менен кызматташууга барганда Ражабалиев менен Боронбаевге каршы көрсөтмө берген. Ражабалиев Түштүк-Батыш бажысынын, ал эми Боронбаев Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысы болгон.

Сотто алар Матраимов сыяктуу эле бажыдагы коррупция иши боюнча тергөө менен кызматташууга барганын белгилешкен.

Райымбек Матраимов

Мурдараак ушундай эле айыпка Матраимов дагы жыгылган. Ал дагы коррупцияга аралашканын мойнуна алып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ага чейин мамлекетке келтирген зыяндын ордуна 2 млрд сом төлөп, ал эми сот анын мүлкүн камактан чыгарган.

Парламентке Матраимов менен байланышы бар башка адамдар дагы келген — мисалы анын агасы Искендер Матраимов, тарапташы Шайлообек Атазов. Жакында Искендер Матраимовдор КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын башчысы болуп дайындалды.

Искендер Матраимов

Райымбек Матраимовдун инилеринин бири — Ош облусунун Кара-Суу районунун мурунку акими Тилек Матраимов 2022-жылдын 3-мартында «Ошгаз» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-2017-жылдар аралыгында — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Хабибула Абдыкадыр Сооронбай Жээнбековдун иннагурациясында

Абдукадырдын үй-бүлөлүк кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта, Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, акысына үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кеткен — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов 2017-жылдын аягында кызматынан бошотулгандан кийин бажы бизнесинде калган — бул ирет ал Кыргызстандагы үч маанилүү бажы терминалын көзөмөлгө алган. Тааныш-билиш жана байланыштары аркылуу ал жүктүн бардыгы дал ушул терминалдар аркылуу өтүшүн колго алган.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcat’тин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен коомчулукка белгилүү болгон.