ЖМК: Тилек Матраимов «Ош газдын» жетекчисинин орун басары болду

Тилек Матраимов

Бир катар ЖМКлар 25-мартта Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов «Газпром Кыргызстандын» Оштогу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгонун жазышты. Бул маалыматты «Клооптун» ишенимдүү булактары тастыкташты.

Анткен менен аталган мекеме Матраимовдун кызматка дайындалышы тууралуу билдирүү тарата элек. Ал эми «Ош газдын» техникалык бөлүмүнүн башчысына байланышканыбызда дүйшөмбү күнү чалууну сунуштап, комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Хулькар Исамова да Матраимов кызматка дайындалганы тууралуу кеп кылынып жатканын жазды. Ал аталган кызматта буга чейин Сооронбай Жээнбековдун тууганы Чыңгыз Шарипов турган деп белгиледи.

Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл жетектеп турган. Ал 2020-жылдагы шайлоодон кийинки нааразычылыктар учурунда — 6-октябрь күнү акимдик ыйгарым укуктарын тапшырган. Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

Матраимов алгач атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.Ош шаардык соту Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөлүү деп таап, 220 миң сом айып салган.

Матраимовдор кланы жана журналисттик иликтөөлөр

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында депутат.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранттардын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду 2020-жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

2021-жылдын 11-февралында Бишкектин биринчи май райондук соту Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Матраимов сот залында бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган. Бирок ага 260 миң сом айыппул салынып, сот залынан бошотулган. Аны менен кошо сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган. Буга Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, келтирилген зыяндын ордун толуктаганы негиз болгону кабарланган.

Кийинчерээк, 18-февралда, Матраимов кайрадан кармалып, эки айга камакка алынган. Анда ал «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталган эле. Анда Ош жана Бишкек шаарларында Матраимовду колдоо митингдери өткөн. Ага депутаттар Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев жана Шайлообек Атазов катышкан.

15-апрелде болсо УКМК Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны абактан бошоткон. Атайын кызмат муну Матраимовдун жана анын жакындарынын чет өлкөлөрдө мүлкү табылбаганы менен түшүндүргөн. Анткен менен иликтөөчү журналисттер буга чейин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Сулайманова) менен уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдукадыр БАЭде баштаган бизнестерин, Матраимовдорго таандык аппартаментин тапкан.

Дагы окуңуз:

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?