Сот отурумуна келген Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам алып кетти

4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча сот отуруму өтүп жатканда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам чакыртылды.

Мындан улам сот отуруму 5-апрель саат 10:00гө жылдырылды. Бул маалыматты  «Клоопко» райондук соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова тастыктады.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 24.kg басылмасына дарыгерлер мурдагы президентти кароодон өткөрүп, №47 түзөтүү колониясына алып кеткенин билдирди. Слесаревдин айтымында, Атамбаев эртең өтүүчү отурумга катышабы белгисиз.

«Алмазбек Атамбаев унаада отурган же турган абалда бара албайт, ошондуктан тез жардам унаасы менен колонияга алып кетишти. Ал тез жардам кызматкерлери берген эмес, өзүнүн дарыларын ичти. Атамбаевдин кан басымы бир орунда турбай атат — кээде төмөндөп, кээде жогорулап кетет», — деди Слесарев.

1-апрелде Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев судья Убайулла Сатимкулов мурдагы президентти сот отурумуна мажбурлап алып келүү чечимин чыгарганын билдирген.

Буга чейин, 23-мартта Атамбаев ден соолугуна байланыштуу «Кой-Таш окуясы» боюнча сот отурумуна катышкан эмес. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев ооруп жатканына карабай, күч менен сотко жеткирилгенин айткан. Атамбаев сотко жеткирилген соң унаадан түшүүдөн баш тарткан, кийинчрээк тез жардам унаасы чакыртылып, сот отуруму 30-мартка жылдырылган.

Атамбаевдин камакка алынышы

Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча ошондой эле Кой-Таштан мыйзамсыз жер алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

2020-жылдын июнь айында Атамбаев Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган, кийинчерек чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Кийинчерээк мурдагы президентке жаңы кылмыш иштери козголгон. Ага 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Ошондой эле ал 2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп айыпталууда.

Тема боюнча:

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышкан жок

Сеидбек Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтты