Next TV’нын иши: Равшан Жээнбековдун уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу — Азатка Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Маалыматты «Клоопко» Азат Равшан өзү тастыктады.

«Next TV’нын иши боюнча мага [өлкөдөн чыгууга тыюу салынды]. Муну мага сурактан айтышты. [Суракта] эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазууга туура келди. Бирок мен даттанаарымды айткам, анткени жумушум сыртта [...] жана каалаган учурда мени чакыртып калышы мүмкүн. Эгер биз даттансак, анда сотко барабыз», — деди ал.

Азат Равшан жана Равшан Жээнбеков. Сүрөт: Азат Равшандын Фейсбук барагы

Күн мурун Азат Равшанга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын атасы Равшан Жээнбеков да айткан.

«[...] уулума Кыргызстандан чыгууга туюу салынды. Азаттын телеканалга эч кандай тиешеси жок. Ал АКШда жашап иштейт. Мен түрмөдө болгонум үчүн эле келген. Эми аны жумушуна кайра кетишине жол бербей жатышат», — деп жазган саясатчы 4-апрелде Фейсбук барагына.

УКМКдан «Клооптун» журналистине телефондон комментарий берүүдөн баш тартышып, Азат Равшанга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы боюнча кат түрүндө кайрылууну өтүнүштү.

1-апрелде Азат Next TV телеканалынын иши боюнча УКМКда сурак берген. Телеканал Равшан Жээнбековго таандык. Сурактан кийин Азат Равшан суракты «сөз эркиндигине жана атасына карата кысым деп бааларын» айткан.

«Демократиялык өлкөдө мындай болбошу керек, бирок, тилекке каршы ушунлай болуп жатат. Дагы чакырышабы-жокпу билбейм, аны тергөөчү чечет», — деп билдирген ал.

Азат Равшан менен кошо активист жана Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева да суракка алынган. Кудайбердиева 4-апрелде кайрадан суракка алынган.

Next TV’га байланыштуу иш

3-мартта УКМК Next TV телеканалына карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Атайын кызмат Next TV каналы соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан» деп эсептейт. Журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын арызынан кийин басылмага чыккан маалыматты экстремисттик деп таап, бирок көзөмөл органынын телеканалды жабуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Андан бери, март айынын башынан тартып телеканалдын кеңсеси мөөр басылган бойдон турат.

Улуттар аралык кастыкты козутуу иши боюнча 3-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев кармалган. Ал 3-майга чейин камакта калтырылган.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет жана Норвегиянын Хельсинки комитети кыргыз бийлигинен телеканалга карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, директору Таалайбек Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму да кайрылган.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат