Ош: Прокуратура оорукананын жер тилкеси менчикке мыйзамсыз чыгарылганын аныктады

Ош шаардык прокуратурасы калаадагы Ак-Тилек кичи районундагы оорукананын аймагындагы жер тилкеси менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 5-апрелде маалымдады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, шаардык оорукананын аймагындагы жерди Оштун мэриясы 2007-жылы «Б.А.» аттуу тургунга мыйзамсыз берген. Жер тилкенин баасы 12 млн 450 миң сомду түзөт.

«Жерди мамлекетке кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө мэрияга талап келтирген. Натыйжада жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Бир күн мурда Баткен облустук прокуратурасы Баткен шаардык мэриясы жеке менчикке мыйзамсыз берген 5 жана 0, 15 гектар жерди мамлекеттин карамагына кайтарганын маалымдаган.

Маалыматка ылайык, мэрия 2005-жылы муниципалдык жерди эки тургунга мыйзамсыз бөлүп берген — «К.С.» аттуу киши беш ал эми «К.А.» атуу адам 0,15 гектар жерге ээ болгон. Мыйзамсыз берилген жердин баасы 2 млн 900 миң сомду түзөт.

Сүрөт Башкы прокуратуранын сайтынан алынды.

Тема боюнча:

Баткен шаарында менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган

Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды