Шайырбек Ташиев: Кыргыз жараны Саидахмед Артиков Тажикстанда 18 жылга эркинен ажыратылды

Вахдат шаарындагы абак. Сүрөт: «Озоди» басылмасы

Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган Лейлек районунун тургуну Саидахмед Артиков 18 жылга эркинен ажыратылды. Учурда ал Тажикстандын Вахдат шаарындагы абакта жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу 6-апрелде депутат Шайырбек Ташиев билдирди.

«[2021-жылдын] 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери алдоо жолу менен алып барышып буларды, ошол жакта камап койгон. Ошол жерде эки-үч күн ток менен кыйнаптыр. “Тыңчылык” деген беренени коюп, мыйзамсыз соттоп, өмүр бою эркинен ажыратып коюптур [...] Азыр өмүр бою кесилгенин 18 жылга түшүрүптүр», — деди Ташиев.

Ташиев Артиковду Кыргызстанга экстрадициялап берүү өтүнүчү менен анын жубайы Наргиза Артикова кайрылып жатканын билдирди. Ошондой эле депутат учурда Артиков «сүйлөй албай, абалы оор» экенин белгиледи.

Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев Тажикстанда жалпысынан 13 кыргыз жараны соттолуп, анын экөө өмүр бою кесилгенин белгиледи. Алардын арасында Саидахмед Артиков да бар.

Зулушев бул маселе боюнча жакын арада Баткенде Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон менен жолугушуу боло турганын кошумчалады.

«Ушул маселелер боюнча чечип, бир жыйынтыкка келебиз деген ой бар. Аракеттерди жасап атабыз. Бул жарандар бизге да кайрылган, келип кеткен, түшүндүргөнбүз. Буюрса чечилип калат биздин жолугушууда», — деди Зулушев.

Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Тажикстандын УКМКсы Артиков менен бирге Нооман Самадов, Турсунали Ташанов жана Аскар Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын кармап кеткен. Акыйкатчы институту Наргиза Артиковага таянып кыргызстандыктар Кожент шаарындагы тергөө изоляторунда болгонун жана кыйноолорго кабылганын билдирген.

Көп өтпөй Тажикстандын Башкы прокуратурасы Артиков ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Ал арада Артиковдун туугандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, аялы жолдошу кыйноолорго кабылганын билдирген.

«Күйөөмдү Жийделик айылынын эли өздөрү айыл башчы кылып шайлап алган. Буга чейин деле тажик тарап кыргыздарды кармаганда менин күйөөм барып аларды чыгарып келип жүргөн. 16-сентябрда үйдө отурган жеринен Тажикстандын атайын кызматы кармап, алып кеткен бойдон 40 күн бизге көрсөткөн жок», — деп айтып берген ал.

Митингчилерге минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолуккан. Ал маалыматты ыйгарым укуктуу органдарга жеткирип, кыргызстандык жарандарды бошотууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

Ал эми Акыйкатчынын аппараты 2021-жылы 11-ноябрда Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, Кыргызстандын жарандарынын укугу бузуулусуна жол бербөөнү өтүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тажикстандын абагында кармалган 68 жаштагы кыргыз жараны көз жумду

Акыйкатчы институту Тажикстанда соттолгон кыргыздарды өлкөгө өткөрүп алууну суранды