«Иш жүзүндө аткарылбаган иштер». Чолпон-Ата мэриясы мамлекетке 720 миң сом зыян келтирди

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүүдө шаардык мэриянын жана облустук өнүктүрүү фондун кызматкерлери мамлекетке 720 миң сом зыян келтиришкенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурсанын басма сөз кызматы билдирди.

Малыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна мекеменин кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушкан.

Бул факты боюнча райондук прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ушул жылдын февраль айында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдары Тоң районундагы Төрт-Күл айылына 200 орундуу Маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтиришкени аныкталган.

Тема боюнча:

Ала-Бука: Капиталдык курулуштун кызматкерлери мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды