ССМ: Бишкектеги №2 клиникалык оорукананы оңдоо иши мыйзамдуу

Бишкектеги №2 көп тармактуу ооруканадагы оңдоо иштери мыйзамдуу жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, «Исманкуловдун Көз микрохирурхиясы» жеке клиникасысынын директору Алмазбек Исманкулов Октябрь РИИБине белгисиз бирөөлөр клиникасынын кире беришин тороп салганын айтып арыз менен кайрылган. Бирок анын «жүйөлөрү тастыкталган эмес».

Саламаттык сактоо министрлигинен териштирүүдөн кийин милиционерлер имаратты оңдоп-түзөө иштери Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен жүрүп жатканын аныкташканын кабарлашты.

Ооруканада оңдоо иштери 29-мартта башталган. Саламаттык сактоо министрлигинен «Исманкуловдун Көз микрохирургиясы» жеке клиникасы жайгашкан экинчи корпустун фасады оңдолору айтылган.

Буга чейин 10-мартта министр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган. Бишкек мэриясы №2 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Бейшеналиев клиникага келген учурда Исманкуловдун өзү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Министр телефондон Исманкуловду «далдыр» деп атап, эгер имаратты бошотпосо «бирди көрөрүн» айткан.