Шаардык сот укук коргоочу Ошурахуновага айып салуу боюнча чечимди жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Динара Ошурахуновага 3000 сом айып салуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу 20-апрелде укук коргоочу Твиттерде билдирди.

«Райондук сот 17-мартта акцияга чыгып, милициянын мыйзамсыз талаптарына баш ийбегеним үчүн чыгарган Биринчи май райондук сотунун судьясынын чечимин жокко чыгарды. Эч кандай мыйзам бузуу болбогону үчүн жокко чыгарды», — деп жазды ал.

Ошурахунова эми мыйзамсыз кармаганы үчүн милиция кызматкерлерин сотко берерин белгиледи.

Укук коргоочулар уюштурган митинг

Митингге чыккан активисттер. Сүрөт: «Акипресс»

2022-жылдын 17-мартында милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Өндүрүш Токтонасыров жана Динара Ошурахунованы Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн кармап кетишкен. Алар Украинадагы согушка каршы жана Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө койгонуна нааразы экенин белгилешкен.

Митинг учурунда Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, 2002-жылы Аксы окуясында дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эске салган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынчтык митингин өткөрсө болорун белгилешкен. Бул чечимди омбудсмен Атыр Абдрахматова өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп билдирген.

Акцияга чыккан укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана Азиза Абдирасулова Биринчи май РИИБине жеткирилген. Эртеси күнү аларга карата «Майда бейбаштык» жана «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси менен иш козголгон.

Кийинчерээк үчөөнө козголгон «Майда бейбаштык» боюнча иш кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган. Ал эми экинчи берене боюнча Биринчи Май райондук соту үчөөнө тең 3 миң сомдон айып салган.

Токтонасыров менен Абдирасулова дагы бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Сот алардын арызын 26-апрелде карайт.

Тема боюнча:

Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти