Энергетикадагы коррупция: Таласта Манас райондук электр тармактарынын төрт кызматкери кармалды

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлери «Түндүк электр» ишканасынын Талас филиалына караштуу Манас райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасында коррупциялык схеманы аныкташты. Аталган РЭТтин жоопту төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу 25-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Манас РЭТнин кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен бирге абоненттер төлөгөн каражатты «XENON жана IBS базаларына салбай, өздөрүнө ыйгарып алган. Ал акчанын ордун бюджеттин эсебинен бурмалап, жаап келишкен».

Мамлекетке келтирилген чыгым болжол менен 2 млн 800 миң сомдон ашык деп бааланууда. Бул факт боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Прокуратура кызматкерлери тарабынан «Түндүк электр» ААКнын Манас РЭТнин Б.А.А. аттуу башчысы, О.А.О аттуу электр энергиясын сатуу боюнча жетекчинин мурдагы орун басары, У.Н.Н. аттуу электр сын нергия сатуу боюнча мурдагы инженер жана Покровка айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалды. Кармалгандын баардыны убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

MediaHub басылмасынын иликтөөсү

Апрелдин башында MediaHub басылмасынын журналисттери «Энергетика: миллиондук уурулук, карызга баткан “өлүү жандар”» деп аталган журналисттик иликтөө жарыялашкан.

Жаңы иликтөөдө энергетиктер жетекчилери менен сүйлөшүп алып, коррупциялык схемалар аркылуу мамбюджеттен миллиондорду кантин чыгарып кетип жатканы тууралуу айтып беришкен.

Журналисттер энергетиктер карыздарды эки схема менен кечип жатканын аныкташкан. Алардын бири Гоголь жазгандай «өлүү жандар» деп аталат. Бул схема боюнча, электр энергиясы үчүн эсеп дүмүрчөк электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге келет — эч ким жашабаган үйгө же так эмес дарекке жазылат.

Журналисттер ири суммадагы эсеп дүмүрчөктөрү жазылган абоненттерди таап, ондогон коррупциялык фактыларды аныкташкан.

Тема боюнча: MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады

Президенттин тапшырмасы

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага энергетика тармагындагы коррупциянын бетин ачуу тапшырмасын берген. Ал Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевге энергетика тармагын текшерип чыгуу тапшырмасын берген. Анда Жапаров энергетикада миллиондогон карызды кечкен фактылар көп экенин айткан.

Өткөн жылдын декабрында Башкы прокуратура «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр», «Чыгыш электр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнүн аныктаган.

«Түндүк электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр» жана «Чыгыш электрдин» мыйзамсыз аракеттеринен улам 2016-жылдан 2020-жылга чейин 897,2 миллион сомдук карыз мыйзамсыз эсептен чыгарылган. Бул факты боюнча «Коррупция» беренеси менен 4 кылмыш иши козголгон.

Ошондон бери Башкы прокуратура энергетика тармагындагы кармалган кызмат адамдары жөнүндө маалымат берип келет. Кармалгандардын бир канчасы күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп беришкен. Андан соң камактан бошотулуп, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштер сотко жиберилген.

Тема боюнча: MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады