Ош шаардык соту аялына зомбулук көрсөткөн кишини тогуз суткага камакка алды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Төлөйкөн айылынын 41 жаштагы тургуну аялына зомбулук көрсөтүп, коркутканы үчүн 9 суткага камакка алынганын билдирди.

Тергөө учурунда шектүү мурда дагы мас абалында аялына кол көтөрүп, эки жолу эскертүү алганы белгилүү болду.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБдин басма сөз кызматы. 

Ош шаардык соту шектүүнү «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен күнөөлүү деп таап, Ош ШИИБдин кабыл алып, бөлүштүрүү жайына тогуз суткага камоо чечимин чыгарды.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат. Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Автору: Болдукан Айдарбек кызы

Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат