Прокуратура Temirov live’дын соцтармакка тарап кеткен маалыматтары боюнча иликтөө жүргүзбөйт

Бишкек шаардык прокуратура Temirov LIVE’дын иликтөөчү журналисттеринен алынган техникадагы документтер менен видеолордун тарап кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгобой турган болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришти.

2022-жылдын январында иликтөөчүлөрдүн командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин Temirov Live’дын кеңсесине укук коргоо органдардын кызматкерлери бастырып киришкен.

Анда журналисттердин кеңсесинде спецназ тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү учурунда милиция Болот Темировдун чөнтөгүнөн түйүнчөктү таап, ичинде баңгизат бар экени айтылган. Журналист баңгизат үчүн кармалды делгени менен кеңседен компьютер жана башка техникаларды дагы алып кетишкен. Ал эми Болот Темиров өзү чындыгында тергөөчүлөргө компьютердеги маалыматтар керек болгон деп айткан.

Дагы окуңуз: «Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти

Темиров кармалып, кеңседеги техникаларды алып кетишкенден кийин журналисттердин компьютерлериндеги каржылык документтердин бир бөлүгү жана башка маалыматтар соцтүйүндөргө чыгып кетип, аларды иликтөөчү журналисттерди сындагандар бөлүшүп, манипуляция кылышкан.

Ал эми Болот Темиров тергөөчүлөр алып кеткен компьютерлерде болгон маалыматтар ачыкка чыгып кеткендиктен прокуратурага кайрылган.

Прокуратура экспертиза компьютерлерге мөөр басылуу болгон жана техниканы эч ким жандырган эмес деп айтууда.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык прокуратурасы «жорукта кылмыштын курамы жок болгондуктан» Темировго аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бирок Башкы прокуратурадан бул чечимдин мыйзамдуулугун аныкташ үчүн иштин материалдары изилденип жатканын кошумчалашты.

Темировго карата айыптар

Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон. Биринчи иш Temirov LIVE’дын кеңсесинде үстүбүздөгү жылдын январында спецназ тинтүү жүргүзгөндөн кийин козголгон. Анда укук коргоо органдын кызматкерлери Темировдун арткы чөнтөгүнөн түйүнчөк таап, ичинде баңгизат бар экенин айтышкан.

Журналист өзү баштыкчаны тинтүү учурунда чөнтөгүнө салып коюшканын бир нече жолу айткан.

20-апрелде Темировго карата дагы үч жаңы кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ошентип ага карата жалпы төрт кылмыш иши козголду.

Милиция Темировду орус паспорту бар болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алууга, аскердик билетти жасалмалоого жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыптоодо.