Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

Жээнбек Кулубаев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутаттар тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды.

22-апрелде президент Садыр Жапаров Руслан Казакбаевди башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан бошоткон. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалган.

Казакбаевдин кайсыл кызматка бара турганы азырынча белгисиз. Ал эми Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Жээнбек Кулубаев ким?

Жээнбек Кулубаев — Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал 1992-жылдан баштап Тышкы иштер министрлигинде ар кандай дипломатиялык кызматтарда иштеген.

Кулубаев 2003-2004-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 2004-жылы ШКУнун аткаруучу катчысынын орун басары болгон.

Ал эми 2007-2009-жылдары Кулубаев Кыргызстандын Малайзиядагы, 2009-2013-жылдары КЭРдеги, 2010-2013-жылдары Монголиядагы жана Сингапурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

2013-жылы Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору болсо, 2018-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болгон.

Тема боюнча:

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев отставкага кетти