Аксы районунда өспүрүм бала асынып алды

Иллюстартивдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылында жашаган 14 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Облусутук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, кырсык 18-майда болгон. Окуучу үйүнүн чатырына чыгып жип менен асынып алган.

«Бул окуя КЖБРге өзүн-өзү асып алуу болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок баланын ата-энеси окуя боюнча эч кимге доосу жок экендигин билдирип, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты», — деди Жээнтаев.

Ошондой эде Жээнтаев өспүрүм менен ата-энесинин ортосунда жаңжал болбогонун кошумчалады.

Карантин башталгандан бери Ысык-Көлдө беш жана Чүйдө эки өспүрүм бала асынып алган. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Элмира Үсөнөва «24 kg» басылмасына өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна ата-энеси менен болгон жаңжал себеп болгонун билдирген. ИИМ аталган фактылар териштирилип жатканын белгилеп, депрессияны алдын алууда ата-энелер маанилүү роль ойношун эскерткен.

Мындан сыркары Ош облустук милициянын башчысы Нурдин Маликов өзгөчө абал режиминде бир өспүрүм суицидге барганын жана 16 жаштагы кыз өз апасын өлтүрүп алганын маалымдаган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу мектеп окуучулары 18-марттан тартып аралыктан окуп жатышат. Ал эми ИИМ жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 65 пайызга өскөнүн кабарлаган. Кризистик борборлор ассоциясы уюмунун эксперттери да карантин маалында үй-бүлөдө чыр-чатактар көбөйүп, андан негизинен аялдар менен балдар жабыркап жатышканын ырастап келишет.

Тема боюнча:

Видео: Кыргызстанда пандемия шартында үй-бүлөлүк зомбулукту кантип алдын алса болот

Абылгазиев үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү тапшырды

Бир графика менен: Үй-бүлөлүк зомбулукка эң көп Бишкекте кабылышкан

Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөндүктөн кризистик борборлордун ишин жандантуу маселеси каралат