Президенттин расмий аккаунтунан журналистти кемсинткен комментарий жазылды

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий аккаунтунан журналист жана блогер Назгүл Мамытованын дарегине мазактаган комментарий жазылды.

Журналист Жапаровдун Дача-СУ айылына учак кулаган окуяны иликтөөчү коомдук комиссия түзүү тууралуу билдирүүсүнө президент «өч алуу менен алек болуп жатканын» айтып, «айкөл болуңуз да, майдаланбай» деген комментарий калтырган.

«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Анда бул учак менен Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар болушу мүмкүн деген версияны айтышкан — ал учурда Атамбаев президент болуп турган.

«Акылыңызды байытыңызчы, Назгүл айым. Тоок мээ болбоңузчу. Өч алсам сиз менен Атамбаевден алат элем го? Экөөңөрдү тең жакшы көрөм. Өч албайм. Соттор бүтсүн. Жакшылык кылам», — деген жооп жазылган Жапаровдун аккаунтунан. Кийинчерээк комментарий өчүрүлгөн.

Журналисттин дарегине жазылган кемсинтүүчү комментарий. Скриншот: «Баштан башта».

Мындай комментарийди Жапаров өзү жаздыбы же жардамчысыбы белгисиз. Президент буга чейин аккаунтка өзү жана бир нече жардамчысы кире аларын айткан.

Президенттин басма сөз кызматы журналисттин дарегине жазылган кемсинткен комментарийди «комментарийсиз» калтырышты.

Депутат Бекешевди кемсинтүү

Бул президенттин расмий аккаунтунан жазылган кемсинтүүчү комментарийлердин биринчиси эмес. 2021-жылдын 3-мартында «Азаттык» басылмасы Фейсбуктагы барагына депутат Дастан Бекешевдин Жапаров демилгелеген жаңы Конституциянын долбоорун сынга алып, конституциянын жаңы вариантын «Ханституция» деп атаган видеосун жарыялаган.

Анда Жапаровдун аккаунтунан Бекешевге «көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын-помощник» деген комментарийди калтырылган. Бекешев 6 жашында көзү көрбөй калган.

Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун фейсбуктагы аккаунтун «бирөөлөр бузуп киргенин» айтып, президенттин акыркы жазылган комментерийлерге «эч кандай тиешеси жок» деп билдирген. Ал эми УКМК президенттин жеке аккаунтун «чет мамлекеттен» бузуп киришкенин кабарлап, аталган факты боюнча текшерүү жүргүзө баштаган.

Атамбаев менен Жапаров

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турган кезде азыркы президент Садыр Жапаровго суук селки мамиле жасаган.

Жапаров 2017-жылы шайлоого катышуу үчүн Кыргызстанга кайтып келген. Ошол замат 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдагы губернаторун туткунга алганы үчүн кармалган. Эгер ал шайлоого катышса, ошол кезде Атамбаев ачыктан-ачык алдыга сүрөп жаткан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго атаандашы болмок.

Жапаровду 2013-жылы Караколдогу митингди уюштурууга катышкан деп 11,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилген. Ошол эле кезде, барымтага алынды делген Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев коюлган айыптоолор менен макул болбой, Садыр Жапаровду колдоп чыккан. Жапаров 2020-жылдын октябрь айында Ак үй басылып алынып, тарапташтары бошотконго чейин абакта жазасын өтөп жаткан. Сот кийинчерээк ишти кайра карап, анын аракетинен кылмыштын курамын тапкан эмес. Жапаров өзүн саясий туткун деп атаган.

Атамбаев 2019-жылы, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен пикир келишпестиктерден улам кармалган. Ага бир катар кылмыш иштери козголгон — Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча ошондой эле Кой-Таштан мыйзамсыз жер алууга байланыштуу иштер.

Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевден өч албай турганын бир нече жолу айткан.

«Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм», — деп билдирген Жапаров.

Буга Атамбаев жооп кылып, Жапаров убактысын мурдагы президенттерге коротпостон, күчүн мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумшашы керектигин айтып жооп берген.

«Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо Кокон хандыгын куруп баштадың. Туркменияда убагында туркменбашы болсо бизге эми кыргызбашы болгуң бар», — деген Атамбаев.