Бишкекте кызды өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган киши ооруканада каза болду

Бишкекте 25 жаштагы кызды өлтүрүп, андан соң өзүнө бычак сайган киши ооруканада каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 8-май күнү кечки саат 20:00 чамасында эсине келбей жан берген.

5-майда күнү 25 жаштагы бала кызганычтан улам 25 жаштагы кыздын мойнуна бычак сайган. Андан соң өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Кыз ооруканага бара жаткан жолдо жан берген.

Ал эми тез жардам кызматы шектүүнү кома абалында ооруканага жеткирилип, конвойдун кайтаруусуна алынган болчу.

Аталган факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстандагы фемицид

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан окуялар катталбай, расмий статистикага кирбей калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат