Садыр Жапаров: «Кумтөр» боюнча отчётту Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин берем

«"Кумтөр" алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», — деп жазды Жапаров.

Садыр Жапаров Кумтөрдө Доре куймасын кармап турат. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Белгисиз сатып алуучулар

Өткөн жылдын 17-майында парламент «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Андан бери кендин иши ачык-айкын болбой калган.

Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары дагы көтөрүшкөн. Бирок алардын Кумтөр кениндеги тышкы башкаруунун иши боюнча отчёт берүү талабынан майнап чыккан эмес. Бирок «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу ал убакта Centerra Gold Inc. менен соттошуулар болуп жаткандыктан отчёт бере албасын айткан.

Тышкы башкаруунун алдына коюлуп жаткан негизги суроо, «Кумтөрдүн» алтыны кайда сатылып жатканы дагы деле ачык бойдон. Минкаб жыл башында КГКнын 2021-жылга карата отчётун кабыл алган. Анда 2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн каражат 856 млн долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн доллардын алтыны сатылганы сатылганы айтылган.

Бирок отчётто «Кумтөрдүн» алтыны кимге сатылып жатканы ачыкталган эмес. Бирок минкаб «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери кендин бардык алтыны өлкө аймагында жана республиканын менчигинде калып жатканын билдирген.

«Биз мунун баарын юридикалык жол-жоболор аяктаган соӊ баарын ачык айтып беребиз. Алтын бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын аймагында калууда. Биз мүмкүнчүлүккө жараша алтынды сатып алып жатабыз», — деген минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде «Азаттыкка» курган маегинде.

Сатып алуучулардын аты-жөнүн Жогорку Кеңештин депутаттары дагы минкабдан талап кылып айттыра албай жатышат.

«Комитеттеги талкуу учурунда мен алтынды кимге сатып жатасыӊар деп сурадым. Бул маалымат жашыруун дешти. Алтын кимге сатылып жатканын биз билбейбиз. Министрлер кабинетинин башчысы сүйлөшүүлөр бүтмөйүнчө маалыматты ачыкка чыгара албайбыз деди. Ал эгер элдин кызыкчылыгын ойлосоӊор, бул теманы козгобой коё тургула деп мекенчилдикке чакырууга аракет кылды. Кеп алтындын сыртка ташылып же ташылбай жатканында эмес. Сатылып жатса, сыртка чыгарылат да, туурабы? Балким, акысын азыр төлөп, алтынды кийинчерээк алып кетишет, бирок эч ким так айта албайт», — деп айткан эл өкүлү.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалыматтык агенттигине курган маегинде «Кумтөрдөн» эч ким бир да грамм алтынды уурдай албайт, себеби «бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар коюлган» деп белгилеген.

«Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат (буга чейин Улуттук банк “Кумтөрдөн” алтын сатып алып жатканы тууралуу маатыматты төгүнгө чыгарган — ред.) . Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат», — деген ал.

«Кумтөр» боюнча келишим

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан.

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө.

Тема боюнча:

«Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы

Лондон бирикмеси «Кыргызалтынга» ишенимдүү жеткирүүчү макамын кайтарып берди