«Эл деген сел болот». Ак үйдүн алдында казино ачууга каршы митинг өттү

16-майда Ак үйдүн алдында активисттер кумарканаларды ачууга каршы митинг өткөрүштү. Анда ондогон адам оюн-зоок залдарын ачуунун терс жактары менен кесепттерине токтолушту.

Катышуучулар жети облустун аталышын жана «казиного каршыбыз» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

«Биз бул мыйзамга каршыбыз. Мурда бийлик колдоп, оюндарды жокко чыгарган. Эмне деген үй-бүлөлөр талкаланган, ажырашкандар [болгон], ушул оюнду ойнойбуз деп үйүнөн, унаасынан ажыраган», — деди нааразы болгондордун бири.

Акцияга чыккандардын бири Акжолтой Тукунов буга чейин депутаттарга кайрылганын, көпчүлүк «аттуу-баштуу депутаттар бул мыйзамга каршы экенин» белгилеп, «чоң оюн болуп жатат» деген пикирин билдирди.

«Бөркүңөрдөй көргүлө, аналитик катары айтам, бул мыйзам ишке ашпайт, эл түп тамыры менен көтөрүп жокко чыгарат. Эл деген сел болот», — деди ал.

Митингге чыккандар бийлик өкүлдөрүнө каршы болуу же ак үйдү басып алуу максаты жок экенин эскертишти. Аны менен катар, мындай митингдер башка облустарда да өтүп жатканын кошумчалашты.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан. Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Жыйында депутат Арсланбек Малиев колуна «Аль-Бакараны» алып (Курандын экинчи сүрөөсү), 219-аятты окуп берген. Бирок эл өкүлү «Куран» аятын аягына чейин окуган эмес. Анын кылганы коомчулукта талкуу жараткан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатчыларга «Куран менен ойнобогула!» деген эскертүү берген. Муфтият «күнүмдүк жыргалчылык жана саясий упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла» деп билдирген.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

Тема боюнча:

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Муфтият депутаттарды саясий упай топтоо үчүн Куранды бурмалабоого чакырды