Жалал-Абад: Ташиевдин өкүл баласы УКМКнын суранычы менен үй камагына чыгарылды

Шектүү кармалган күнү. Сүрөт: УКМК

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «акча опузалоого» шектелип кармалган өкүл баласы 29-майга чейин үй камагына бошотулганы белгилүү болду. Маалыматты «Клоопко» Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов тастыктады.

Анын айтымында, 13-мартта шектүүнүн жактоочусу бөгөт чараны өзгөртүү боюнча Жалал-Абад облустук сотуна арыз берген. Анда сот шаардык соттун буга чейинки чечимин күчүндө калтырган.

Анткен менен 29-апрелде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү шектүүнү үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту айыпталуучуну 29-майга чейин үй камагына чыгарган.

12-мартта УКМК Ташиевдин өкүл баласы жергиликтүү тургундан «акча опузалоого» шектелип кармалганын билдирген. Маалыматка ылайык, шектүү Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери менен бирге жеке ишкерди коркутуп, 120 миң сом талап кылган.

Шектүүлөр 11-мартта жабырлануучудан 90 миң сом алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Атайын кызматтан шектүү Ташиевдин «өкүл баласы» болуп туруп, «үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынганын» белгилешкен.

Бул факты боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу. Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Официантты сабаган «Ташиевдин тууганы»

Өткөн жылдын 8-октябрында Жалал-Абаддын тургундары «Кактус» басылмасына кайрылышкан. Алардын айтымында, 18-августка караган түнү калаадагы «Достор» кафесине келген кардарлардын бири Нургазы Мамасадыков УКМК төрагасы «Камчыбек Ташиевдин тууганы» экенин айтып, эсепти төлөөдөн баш тарткан.

«Ал официант менен сүйлөшүүдөн да, эсепти төлөөдөн да баш тартты. Официанттын суранычтарына маани бербеди. Көп өтпөй кафеге чымыр денелүү үч киши келип, дароо официантты сабап киришти», — деп билдиришкен алар.

Кийинчерээк ур-токмокко алгандар официантты сыртка алып чыгышып, дагы сабап, «Ташиевдин тууганы» делген кишиден кечирим сураттырган. Бирок буга карабастан Мамасадыков официанттын жаагына урган.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылганда «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бир нече күндөн кийин официант жумушунан кеткен, ал эми Жалал-Абад ШИИБси ишти «Майда бейбаштыкка» алмаштырган. Милиция муну жабырлануучу алган жаракаттар «кичине эле» болгону менен түшүндүргөн.

Ал эми 21 жаштагы жабырлануучу «эч кимге доосу жок экенин билдирип» тосмо арыз жазган. Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш 2021-жылдын 21-октябрында кыскартылган.

Ал арада УКМК официантка кол салган кишинин «Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жок» деген билдирүү тараткан. Кийинчерээк шектүү Нургазы Мамасадыков өзү да кайрылуу жасап, Ташиев менен «тууганчылыгым, кудалыгым, катташым, эч кандай байланышым жок» деп билдирген.

Анткен менен Factcheck.kg басылмасы Мамасадыковдун атайын кызматтын башчысы менен байланышын аныктаган. Мамасадыков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды. Аталган партияны Ташиев менен президент Садыр Жапаров түптөгөн.

Мамасадыков менен бирге «Мекенчилдин» ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында Батырбек Сыргабаев да болгон — ал Ташиевдин «өкүл баласы» жана Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган иниси.

«Батырбек Сыргабаев менен Нургазы Мамасадыковдун “Одноклассникиде” чогуу түшкөн сүрөттөрүнө карап, алардын дос экенине ынанууга болот. Батырбек ошондой эле Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев анын “өкүл атасы” экенин белгилеген», — деген журналист Актилек Капаров.

Ошол эле учурда Абсаттар Сыргабаев жана Шайырбек Ташиев 2020-жылы «Мекенчил» партиясынан талапкер болушкан. Учурда Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Камчыбек Ташиевдин акча опузалаган «өкүл баласын» кармады