Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши тергелип бүтүп, сотко өттү

Батмакан Жолболдуева

Баткендеги блогер Батмакан Жолболдуевага төрт берене менен козголгон кылмыш иштери соттук кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу 26-майда Ош ОИИБден «Клоопко» билдиришти.

Милициядан блогерге кылмыш иштери боюнча айыбы угузулганын белгилешти. Эми «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренелери боюнча иштерди Ош шаардык соту карайт.

Жолболдуеванын иши

«Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан кийин ага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Анын жактоочусу козголгон иштер негизсиз экенин айтып, муну блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

21-апрелде Ош шаардык соту Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны 26-майга чейин камакта калтырган.

Жолболдуева өзү соттук отурумга чейин ага тагылган айыптарды мойнуна албасын айткан. Ошондой эле журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө «күнөөлүүмүн деп эсептебейм» деп билдирген.

Блогердин жактоочусу бул чечимди облустук сотко даттанган. Бирок сот арызды канааттандырган эмес.

Анда Сүйүнбаева тергөөдө блогердин журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси «аныкталбаганын» айткан.

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Жакындарынын айтымында, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы