Акболуш Тиленбаев Өзгөн шаарына вице-мэр болуп дайындалды

Ош облусунун Өзгөн шаарынын вице-мэри болуп Акболуш Тиленбаев дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Жалал Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, 36 жаштагы Тиленбаев буга чейин Ош шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан мурда Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүн 4,5 жыл башкарган.

Ал эми Өзгөн шаарынын мурдагы вице-мэри Таалайбек Жусупов аталган кызматта 6 ай иштеген. Ал кечээ, 26-майда, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

16-майда аталган шаардын мэри алмашкан. Кызматка акимдин буйругу менен Дамир Моңолдоров дайындалган.

Моңолдоров буга чейин «Кыргыз почтасын» жетектеген. Ал 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №34 Жети-Өгүз округунан талапкер болгон. Бирок Жогорку Кеңешке өтүү үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

Ал эми буга чейинки мэр Нодирбек Каримов 30-апрелде кызматтан алынган. Ага чейин Башкы прокуратура Каримовго карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгогон.

Ал 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергени айтылган.