Ошто демөөрчүлөрдүн колдоосу менен милициянын бөлүмдөрүнө жана коомдук жайларга камералар орнотулду

Сүрөт: Ош ОИИБ

Ош облусунун бир катар райондорунда коомдук жайларга, милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана убактылуу кармоочу жайларга 105 байкоочу камера орнотулду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеобайкоочу камералар Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгѳн, Чоң-Алай райондорундагы калк жыш жайгашкан жерлерге жана автоунаа жолдоруна да орнотулган.

«Анын максаты — кылмыштууулук менен күрѳшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана мыйзамдуулукту сактоо», — деп түшүндүрүштү милициядан.

Видеокамералар бирдиктүү тутумга кошулуп, Ош ОИИБдин жана ИИМдин нѳѳмѳт бѳлүмүндѳгү экрандарына уланган. Камералар 24 саат бою иштейт.

Милициядан аталган долбоорду райондордон атайын демөөрчүлөр колдогонун белгилешти. Ошондой эле бул иш-чара мындан ары улантыларын кошумчалашты.

Буга чейин Ош шаарында таштанды көп төгүлүүчү контейнерлердин жанына видеобайкоочу камералар орнотулган. Калаа бийлиги мунун максаты — таштандыны мыйзамсыз ыргыткан жана белгиленбеген жайга төккөн жарандар менен күрөшүү деп билдирген.

«Шаар тазалыгына кайдыгер караган» тургундарга алгач айып пул салына турган болгон. Эгер тургундар жоругун кайталай берсе алардын сүрөт-видеолору соцтармактарга жарыяланып, аларды уяткаруу жагы каралары айтылган.

Ал эми өткөн жылдын сентябрында «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнө камералар орнотулган. Аны менен адамдын жүзүн тааныган камералар да коюлган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто тазалыкка кайдыгер караган тургундар менен күрөшүү үчүн видео камералар коюлду

Ош: «Коопсуз шаар» камералары жана жүздү тааныган камералар орнотула баштады

Чүшш! Бийлик Бишкекте аңдуу системасын киргизүүдө эмнени айтпай жатат?